Menu

Сапар Исаковдун Бишкек ЖЭБде түзүлгөн кырдаал боюнча шаар тургундарына кайрылуусу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча Бишкек шаарынын тургундарына кайрылды.

Төмөндө кайрылуунун текстин сунуштайбыз:

 “Урматтуу мекендештер,

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарындагы абалдын оордугун жана ушул күндөрү шаар тургундарынын башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды жакшы түшүнүп турам.

Өкмөт башчысы катары түзүлгөн кырдаал үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм жана актангым келбейт. Абал катуу иликтөөгө алынат. Бардык күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланышат.

Бүгүнкү күндө шаар тургундары үйлөрүн жылытууда электр энергиясын өтө көп керектеп жатышат. Ошонун натыйжасында Бишкек жылуулук тармагына күч келип, анын иши үзгүлтүккө учурады.

Тагыраак айтканда, Бишкек жылуулук борборундагы эски буу казандары иштен чыкты. Мунун себептерин иликтөө иштери укук коргоо органдарына тапшырылды.

Бишкек жылуулук борбору өз убагында модернизациялагандыгы үчүн бүгүнкү күндө тез аранын ичинде учурдагы абалды жөнгө салууга жетиштик. Эгерде Бишкек жылуулук борборунда реконструкцияларды жүргүзбөгөндө мындай суукта шаар ичиндеги бардык суу түтүктөрү толугу менен жарылып, иштен чыкмак. Анын кесепетинен шаардын инфраструктурасы жабыркап, масштабдуу зыяндарга учурамакпыз. Албетте, өлкөбүздүн экономикасына да чоң күч келмек.

Чындыгында түзүлгөн кырдаал бул тармактагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Жалпы энергетикалык сектор реформага, кошумча инвестицияларды тартууга, кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындыгын жогорулатууга муктаждыктын бар экендигин дагы бир ирет көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул ишке – артыкчылык катары катуу көңүл бурат. Биз бул секторду реформалоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.

Учурда бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеп баштады. Шаарды жылуулук менен камсыздоо тутумун тез арада калыбына келтирүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иштер жүрүп жатат.

Сабырдуулугуңуздар үчүн ыраазычылыгымды билдирем”.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: