Menu

Жантөрө Сатыбалдиев, экс-премьер-министр: «Жогорку кызматтарга жетем дегендердин ордуна барып калганым үчүн саясаттагы калптын курмандыгы болдум»

Бөлүшүү:

— Жантөрө Жолдошевич, Өкмөт башчылыгынан кеткениңизге 3 жылдан ашык убакыт болду. Ошондон бери саясатка активдүү аралашпай жүрөсүз. Бул убакыт ичинде кызматта турганымда бул ишти мындай жасаган экенмин, бул жеринен катачылык кетиптир деп анализ жүргүзүп, сизден кийинки абал менен салыштыруу жүргүзүп көрдүңүзбү?

— 3 жылдан бери саясий айдыңда үнүңүз да чыкпайт, көрүнбөй да кеттиңиз деген маанидеги сөздү айткыңыз келип жатабы? Мен мамлекеттик кызматтык тепкичти Союз мезгилинде 1985-жылы кайра куруу учурунда облустагы жаш жетекчи катары баштагам. Анда Ош облусу азыркы Жалал-Абад, Баткен облустарын өзүнө камтыган чоң облус болчу. Эгемендүү өлкө болгон жылдардан тартып, 2014-жылдын апрель айына чейин мамлекеттик кызматтарды аркаладым. 3 жылдын ичинде басып өткөн жолго бир кылчайып, туура иш кылганмынбы же жаңылыштык кетирдимби дегенге мүмкүнчүлүк болду. Кээ бир саясатчыларга окшоп жумуштан түшүп калгандын эртеси эле башка көз карашты карманган курактан өттүм деп ойлойм. Мени алгач коммунисттер тарбияласа, андан кийин эгемендүүлүктүн башында өткөөл мезгил тарбиялады. Көп нерсени баштан өткөрдүм. Андыктан ар бир нерсеге баа берип, маани берүүгө, жыйынтык чыгарууга толук мүмкүнчүлүк болду. Бир сөз менен айтканымда ошол учурда мени тарбиялаган адамдарга, катар жүргөн инсандарга, чогуу иштеген коллегаларыма ыраазычылык билдиришим керек. Мен 32 жашымда облустук башкарманын жетекчиси болсом, 40 жашымда министр, 45 жашта шаарды, 50 жашта облусту башкардым, эки жолу вице-премьер-министр болуп мамлекеттик кызматтык тепкичтердин баарын басып өттүм. Бийликтин эң жогорку туу чокусу болгон Өкмөт башчысы болуп иштедим. Кандай иштегенимди аналитиктер, экономисттер, чогуу иштеген коллегаларым баа берет деп ойлоймун. Баарына калыс убакыт.

— Өкмөт башчысы болуп дайындалгыча президенттин аппарат башчысы болуп турбадыңызбы. Премьер-министрлик кызматка президент менен макулдашып анан кеттиңизби же коалицияда таасирдүү фигура болгон Өмүрбек Текебаевдин сунушу менен макул болдуңузбу?

— 2010–2011-жылдары өткөөл мезгилде экономиканын төмөн түшүп кетишине объективдүү да, субъективдүү да себептер бар болчу. Мен партиянын мүчөсү болбогонумдан соң ошол кызматка формалдуу түрдө Кыргызстандын ардагерлер уюму сунуштады. Расмий түрдө менин талапкерлигимди КСДП сунуш кылды. КСДП көрсөткөндөн кийин президент менен макулдашылган. Себеби, мен ал кезде президенттин аппарат башчысы болчумун. Мага сунуш түшкөндө көп жагын салмактап, өз пикиримди айттым. “Ата-Мекен” партиясы аны колдоду. Ал учурда Өмүрбек Текебаев менен санаалаш, пикирлеш, багыттарыбыз бир болгон убак болчу. Бирок, чоң саясатта чоң өзгөрүүлөр болуп тура берет экен. Черчиллдин “Саясатта эч качан достук, душман жок дайыма кызыкчылык бар” деген сөзүн биздин саясатыбыз тастыктап, актуалдуу болуп келатат. Бирок, биздин саясатчылар Черчиллдин дагы бир “Мамлекетке кызмат кылыш керек” деген сөзүн көп колдонбойт. Премьер-министрлик орунга менин талапкерлигимди көрсөтүүнүн негизги себеби басып өткөн жолум, топтогон тажрыйбам болсо керек. Тажрыйба бир жылда, бир айда топтолчу нерсе эмес. Эсиңизде болсо керек, мен Акаевдин учурунда энергетика тармагында вице-премьер деген статусу бар президенттин атайын өкүлү болуп 2 жыл 4 ай иштегем. Ошол учурда энергетика тармагын сактап калганга жетишкенбиз деп коркпой айта алам. Ал кезде энергетикада жоготуулар 48 пайызга жеткен. Мен баштаган ишкана 3 айдын ичинде жоготууларды 36 пайызга түшүргөнбүз.

— Атамбаев-Текебаев тиреши эл билбеген көп нерсени ачыктады. Өкмөт башчылары кандай негиз менен кызматтан алынганын Текебаев жарыялап жибербедиби. Сиздин кызматтан кеткениңиз тууралуу да жашыруун маселе айтылды. Эки лидердин эл билбеген сыры ачыкталгандан кийин кандай ойдо болдуңуз?

— Эми ал Өмүрбектин адамдык абийиринде болсун. Биздин Өкмөттүн отставкага кетишине де-факто, де-юре да “Ата-Мекен” фракциясы болду. Мен үчүн эки жетекчинин ортосунда кандай сөз болгону ушул күнгө чейин табышмак. Бир жагы өз чындыгын айтса, бир дагы эч нерсе деп айткан жок. Убакыт келгенде баары ачыкка чыгат да. Мен премьер-министрлик кызматка киришип жатканымда “Мен утулсам да Кыргызстан утулбасын” деп айткам. Өкмөттү отставкага кетирүү менен мени утушкан жок, Кыргызстан утулду. Себеби, биз 2012–2013-жылдары экономикада жалаң гана өсүүнү берип турдук. Инфляцияны эң төмөнкү деңгээлде сактадык, сомдун туруктуу болушун камсыз кылдык. Бул Өкмөттүн эң негизги иши. Өкмөт жол салбады, мектеп курбады, арык чапкан жок деген кыйкым табуу. Мындай нерселер дайыма болуп келген, боло берет. Өткөөл мезгилде алмашып туруу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Бирок, сапатка жараша алмаштырышыбыз керек.

— Партиялар Өкмөттү кураганы менен, премьер-министрге өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатканын көрүп жатпайсызбы. Сиз өзүңүз ошондой системада иштеп көрдүңүз. Бул система менен алгылыктуу иш алып барып, экономиканы көтөрүүгө болот деп айта аласызбы?

— Так айтканда азыркы система менен өнүгө албайбыз. Биз өзүбүз деле парламенттик мамлекеттен бөлүнүп чыкканбыз. Совет деген сөз азыркы түшүнүк менен парламент дегенди билдирет да. Бирок, коммунисттер убагында эч качан Совет башкарган эмес, коммунисттер башкарган. Биз 25 жыл ичинде төрт жолу багытыбызды өзгөрттүк. Эгемендүүлүктү алган жылдары президент, парламент дагы парламенттик системанын продукциясы болчу. Парламентте укуктар көп болуп калгандыктан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, президенттик башкарууга келбедикпи. Президенттик башкарууда деле бийлик бутактарында тең салмактуулук сакталышы шарт. Биз ага жетпей супер президенттикке өтүп кеттик. 2010-жылы Конституцияны жазып жаткандардын көз алдында эки жолку супер президенттик система турду. Ошондуктан парламенттик системага өтөлү деп чыгышкан. Экономика өзүн-өзү регулировка кыла ала турган системада гана парламенттик башкарууга өтсө болот. Европада миң жылдаган тарыхы бар парламентаризм. Биз болсо парламентаризмге даяр эмес өтүп алдык. Менин оюмча бизге президенттик-парламенттик гана башкаруу керек. Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн укуктары тең болсо, өнүгүү болот. Коалициялык Өкмөт эч качан өнүгүүгө алып келбейт.

Анткени, кичинекей таарынычтан улам кайсыл бири коалицияны бузам деп чыга берет. Бүгүн өлкөдө бир партиянын утуп келиши чоң маселе. Анткени, коом болуп көрбөгөндөй бөлүнүп калды. Ар кандай көз караш бар.

– 2010-жылдан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик дирекцияда башчы болуп иштедиңиз. Премьер-министрлик кызматтан кетишиңизге да ушул маселе негизги себептердин бири болуп берди. Дирекциянын иши Жогорку Кеңеште каралганда 6 млрд. сом дайынсыз кеткени көтөрүлсө, Эсеп палатасы 150 млн. сом дайынсыз деген чечимин чыгарган документ чыккан болчу. Эл арасында ошол акчалар 2011-жылы болуп өткөн президенттик шайлоодо азыркы президент Атамбаевдин үгүт иштерине колдонулуп кеткен болушу керек деген күмөн саноолор болгон. Дайынсыз деген акчалар чын эле кайда жумшалган?

— Чоң саясатта канчалык чоң күнөөнү айтса, карапайым эл ага ошончолук ишенүүгө муктаж болот экен да. Мен кызматтан кеткениме 3 жылдан ашты. Кызматтан кетирүүдө дагы “Бул премьер-министр болуп турса тийиштүү органдар жакшы текшере албай калат. Өзүнүн бийлигин колдонот” деген негизде коалиция бузулган. 6 млрд. сом гуманитардык жардам болчу. Ал мамлекеттик дирекция аркылуу өткөн эмес. Аны коомдук уюмдар, жергиликтүү бийликтер, жардам берген уюмдар өздөрү тараткан. Муну документтердин баары тастыктаган. Калпты канчалык көп айтса, чындык ошончолук чыркырап кала берет экен. Президенттик шайлоодо дирекциянын бир тыйыны да кеткен эмес. 2010-жылдан кийин Убактылуу Өкмөттүн бир мүчөсү президент болуусу мезгил талабы болчу. Коммунисттердин бийликтен кетиши да мезгил талабы болгон. Эгемендүүлүктүн биринчи жылдарында коммунисттер Масалиев, Жумагулов, Аманбаев үчөөнү президенттикке колдогон. Бирок, көчөдө КДК таасирге ээ болсо, парламенттин ичинде 114 кишиден турган либералдуу топ эч качан үчөөнү шайламак эмес. Либералдуу көз карашта жүргөн адам деп Акаев пайда болду. Акаев 15 жыл өлкөнү башкарганда экономикабыз түшүп кетти, өнөр жайыбыз талкаланды, чарбачыл адамды алып келишибиз керек экен деп 2005-жылы президентти коом көтөрбөй калган кезде чарчабыл деп Бакиевди алып келди. 2010-жылдан кийин Убактылуу Өкмөт кимге токтолсо, коом ошону колдомок. Андыктан, дирекциянын акчасы президенттик шайлоого жумшалды деген карандай калп. Мен кызматтан кеткенден кийин Эсеп палатасы кайрадан текшерип чыгып, өздөрүнүн корутундусун чыгарган. Тыйынды жашырып калуу болгон эмес, дирекциянын эсебинен өткөн акчалардын баардыгынын изи бар, бирок кандайдыр бир кемчиликтер болгон деген корутундуну Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага беришип, прокуратура факты боюнча иш козгоп, жыйынтыгы чыкпадыбы. Мени өкүндүргөнү жоопкерчиликтин жоктугунан баары ушак менен айтканга өтүп алды. Бул жакшылыкка алып барбайт. Бизди кетирүүнүн негизги себеби “Кумтөр” болгон. Кыргызстандан үлүшүн 67 пайызга чыгарасың дешкен. Андан бери 3 жыл өттү, кимиси 67 пайызга көтөрдү? Мен ошондо эле 50–50 пайыз болгон биргелешкен ишкана түзүүдөн башка жакшы идея жок деп айткам.

— 2010-жылдан кийин “Кумтөр” маселесине катуу киришкен сиздин Өкмөтүңүз болду. Канадалыктар ким бийликке келбесин, аны сатып алышат деген пикир жаралып калган. Сизге да “Мынча тыйын берели, биздин айтканга көнүңүз” деген сунуш түшкөнбү?

— Андай сунуш бир да жолу түшкөн эмес. Чындыгында “Кумтөр” маселеси экономикалык категориядан саясий категорияга өтүп кетти. Менин 50–50 пайыз менен биргелешкен ишкана түзүү демилгем популисттик кадам болгон эмес. Макулдашылган келишимдин негизинде сүйлөшүүлөрдү баштап калган элек. 2014-жылы 18-январь күнү биздин келишимди Жогорку Кеңеш колдогон болчу. Бизге убакыт жетпей калды, менин Өкмөтүм марттын аягында отставкага кеттик. Ал келишимдин деле кемчиликтери бар. Бирок, 33 менен 50 пайыздын айырмасы башка да. Биз жылына 100 млн. доллардан жоготуп жатабыз. 3 жылда 300 млн. доллар жоготтук. Буга ким жооп берди? Эч ким жооп берген жок. Жоопкерчиликтин жоктугу ушул. Мен парламентте жоопкерчиликти өзүм алып, ушул ишти жасап жатам, мага мүмкүнчүлүк бергиле деп ачык айткам.

— Анткен менен сиздин командаңыз толук бул демилгени колдобой койбодубу? Өзүңүздүн орун басарыңыз Жоомарт Оторбаев ошондо эле каршы болуп чыкпады беле?

— Анын каршы пикир билдиргени, ал “Ата-Мекен” партиясы менен ошол кызматка келген. Жалгыз өзү эмес, Шыкмаматов экөө каршы пикирде болушкан. Бирок, алардын экөөсү тең Өкмөттүн жыйында ушул маселени колдоп кол көтөргөн. Эми болсо кол көтөргөн эмеспиз деп айтып жүрүшөт. Ошондо эле Оторбаевдин өзүнө сиздин позицияңыз туура эмес деп айтып, негиздеп бергенбиз. “Атамекенчилер” саясат үчүн 50–50 келишимди колдобойбуз, 67 болуш керек деп чыгышкан. Мен кеткенден кийин алар иштебедиби. Оторбаев бир жыл мен жетектеген Өкмөттү башкарып олтурду. Ошондо өзүнүн айтканын ишке ашырбайт беле, колунан келсе. Бул жөн гана саясат болчу.

— Биргелешкен ишкана кайсыл жерде катталмак?

— Бишкекте катталып, Кыргызстандын мыйзамдары менен иштемек. Азыр кайсыл мыйзам менен иштеп жатат? Менден кийинки Өкмөт башчысы директорлор кеңешиндеги адамдардын санын көбөйтөбүз деп айтпадыбы. Бул жөн гана популизм болчу. Кантип көбөйтөт? Биз 3 адамдан ашык мүчө шайлай албайбыз.

— Иштин бир калыпта кетүүсү кадрлардан көз каранды эмеспи. Бизде партиянын кишиси болсо эле анын тажрыйбасына, адистигине карабай кызматка келип калууда. Мамлекеттик кызмат деген түшүнүгү жок адамдар жогорку кызматтарга дайындалып жатканы мамлекеттин туруктуу жолун таба албай жатышына өз кедергисин тийгизип жаткан жокпу?

– 25 жылдын ичинде кадр саясатыбыз менен кошо болгон кадрларыбыздын баарын жок кылып алдык да жаңы кадр даярдаган жокпуз. Партиянын атынан келген министрлер, министрдин орун басарлары эч кандай жыйынтык бербеди. Бере да алышпайт. Себеби, алардын кылган иши жок. Элге жеткиликтүү болуш үчүн жөнөкөй мисал менен түшүндүрүп берейин. Футболдо машыктыруучу дарбазаны коргоо үчүн жакшы дарбазачыны издейт. Өмүрү дарбазада турбаган адамды сатып албайт. Коргоочудан баштап чабуулчуга чейин көрсөткөн оюнун көрүп, берген жыйынтыгын анализдеп анан командага чакырат. Бизде андай болбой жатат. Ишти тааныбаган эле кишилер министр болуп калууда. Беш министрдин аты-жөнүн дароо токтолбой айтып бере аласыңбы?-деп сурасаңыз айта алышпайт. 120 депутаттын арасынан 10 депутаттын атын дароо атап бериңиз?- десеңиз да жооп алыш кыйынга турат. Ошондуктан, кадрларды мамлекеттик кызматтарга коюуда партиясына эмес, кылган ишинин жыйынтыгына карап тандашыбыз керек. Партиялаш, тууганчылык деген түшүнүк жок болууга тийиш эле. Бирок, бул азыр башкы орунга чыкты. Ошондуктан Кыргызстан көп нерседен артта калып баратабыз.

— Сизди Бишкек-Ош авто унаа жолун салганда көп байлык топтогон деп айтып жүрүшпөйбү. Жолду бүтүрүү үчүн канча суммадагы акча каралып, канча акчага бүтүрө алгансыз?

— Ушак сөздөр саясатка айланып кетип жатат. Мен жөнүндө дагы ар түрдүү негизсиз сөздөр айтылып эле жүрөт. Ага жооп кылыштын деле кажети калбай баратат. Мен цифралар менен иштеген адаммын. Бишкек-Ош авто унаа жолун көзөмөлдөп турганда 6 долбоорду өткөрдүм. 417 км. жол салдым. 417 км. жолдун эсеп баасы 220 млн. доллар болгон. Биз 178 млн. долларга бүтүргөнбүз. Ар бир км жолдун орточо баасы 427 миң доллардан туура келди. Кээ бир маалымат каражаттары 100 млн. доллар уурдап алган деп жазып чыгышты. Эгер андай болгон болсо Бишкек-Ош жолу өзүнөн-өзү эле салынып калдыбы? Ошол жерден кеткениме 18 жыл болду. 18 жылда кайрадан жол салыш керек. Ошончо жылдын ичинде менин жеп-ичип алганым болгон болсо таап чыгышмак. Дирекция боюнча да көп сөздөрдү чыгарып жүрүшөт. Биз курган үйлөрдүн эң кымбаты 481 доллар, эң арзаны 342 доллар болду. Бул акчага баарын бүтүрүп, жашаганга даяр кылып бергенбиз. Ошондой баа бүгүн барбы? Ошол убакта да болгон эмес, бүгүн да андай баа жок. Эгер кайсыл бир курулуш компаниясы мага тыйын берген болсо, бүгүнкү күнгө чейин айтып бермек. Мен салган мектептер бир окуучунун оруну 1700 доллардан туура келген болсо, 2016-жылы салынгандар 2400 доллардан болуп жатпайбы. Мен Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциядан кийин саясий кызматтарга келбегенимде мага орден бермек. Жогорку кызматтарга жетем дегендердин ордуна мен барып калганым үчүн саясаттагы калптын курмандыгы гана болдум.

— Кызмат орду тууралуу сөз айтып калдык. 2006-жылы Бакиевге оппозиция “Реформа үчүн” деген кыймыл түзүп, анын шаштысын алып койгон. Сиз дагы ошол кыймылдын мүчөсү элеңиз. Бакиев сизди чакырып, Ош облусунун губернаторлук кызматын сунуштап, кыймылды таштап кетүүңүздү суранганда, кызматка макул болуп кеткенсизби?

— “Реформа үчүн” деген топто 18 киши болчубуз. Анын арасында 16 адам депутат элек. Мага Ош облусунун губернатору, президенттин түштүк боюнча атайын өкүлү болууга сунуш түшкөндө “Реформа үчүн” тобуна келип “Урматтуу жолдоштор, мага ушундай сунуш түштү. Эмне кылайын, кызматка барайынбы же жокпу?” деген маселени койдум. 16 адам барыш керек деди, бир гана Өмүрбек Текебаев “Барбаңыз, сизди алдап коёт” деп айткан. Көпчүлүктүн “Биз ушул кыймылды түзгөндө бийлик алыш үчүн түзгөнбүз. Ош чоң облус. Жантөрө ошол жерге барса биздин максатты элге туура жеткирет” деген ою менен макул болгом. Жеке өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн барган эмесмин. Бирок, Кыргыз мамлекетинин стабилдүүлүгү үчүн өзүмдүн салымымды коштум деп уялбай айта алам.

— Бишкекте чоң ресторандардын биринде 600 адамды топтоп, өзүңүздүн урууңуздун курултайын өткөрүптүрсүз. Күздө болчу президенттик шайлоого даярдыкты көрүп жатасызбы?

— Мен ал жерге барып катышкан жокмун. Бул маалыматты гезиттерден окудум. Журналисттер да бир нерсени жазганда аныгына жетип жазышса. Ошол жерде мен тууралуу сөз болсо болгондур, өзүм барып катышпадым. Бул сыяктуу чоң жыйындар күздө болчу саясий чоң сыноого багытталат. Президенттик шайлоо өлкөнүн келечеги үчүн олуттуу маселелердин бири болот. Биз азыр парламенттик мамлекетпиз деп айтып жүрөбүз. Де-юре президенттик-парламенттик мамлекет болсок, де-факто президенттик эле өлкөбүз. Ошон үчүн президент болом дегендердин аты атала баштабадыбы.

— Президенттик шайлоого аттансак деген ой барбы?

— Үмүтсүз шайтан деп коёт эмеспи. Менин басып өткөн жолума саресеп салган кишилердин ойлорунда болгон болсом, ал үчүн сыймыктанам. Шайлоого аттануу көп факторлуу маселе. Бир киши, бир партия, бир өрөөн чече турган маселе эмес. Келечекте кыргыздын лидери ким боло турганын коом гана чечет. Ошондуктан көп факторлорду эске алуу менен иш жасалат деп ойлом. Күздө боло турган шайлоо таза, тынч өтө турган болсо, азыркы президенттин кыргыз эли үчүн жасаган кызматтарынын эң чоңу болот деп айта алам.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: