Menu

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эмнени талкуулады?

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында өлкө Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек достук мамилелеринин жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн ырааттуу чыңдалышына, ошондой эле бардык тармактарда күч алып жаткан өз-ара пайдалуу кызматташтыкка карай терең канагаттануусун билдирди.

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстандын Президентине жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкө Президенти Садыр Жапаровдун атынан каалоо-тилектерди билдирди.

«Эки бир тууган өлкөнүн мамлекет башчылары деңгээлиндеги ишеним жараткан пикир алышуу эки тараптуу мамилелерди конкреттүү иштиктүү мазмун менен толтуруп, сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берди», – деди Премьер-министр.

Улукбек Марипов белгилегендей, Өкмөт башчылар деңгээлинде өткөрүлгөн Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кеңешмеси соода, инвестициялар, айыл чарба, транспорт жана логистика, туризм жана башка багыттардагы келечектүү долбоорлорду алга жылдыруунун натыйжалуу механизми болуп саналат.

Улукбек Марипов өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынтыгын канагаттануу менен белгиледи жана Кыргыз Республикасынын эки өлкө ортосундагы толук масштабдуу жана өз-ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча биргелешкен практикалык чараларды ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: