Menu

Милиция тигүү цехинин жанындагы окуяны териштире баштады

Бөлүшүү:

Бишкекте тигүү цехинин жанында болгон окуяга байланыштуу «Ээнбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, алты адам милицияда сурак берди. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя ишембиге караган түнү Ош базарынын жанындагы Бейшеналиева атындагы көчөдө болгон. Милицияга арыз жазган аял белгисиз адамдар тобу тигүү цехине барып, ал жерде тигилүүчү товарды Орусияга экспорттогон тажик жарандары менен иштешүүнү токтотууну талап кылганына даттанган.

«Дордойдогу» соодагерлер менен ишкерлер ортосундагы пикир келишпестиктин айынан бир нече тигүү цехинин иши үзгүлтүккө учураганын «Эркин Европа» жакында кабарлаган. Эки тараптын тирешүүсүнө Орусияга кийим ташыган тажикстандык ишкерлердин «Дордойдогу» соодагерлер менен эмес, кийим тигүүчүлөр менен түз иштешип жатышы себеп болгону айтылган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: