Menu

Алманбет Шыкмаматов, “Ата-Мекен” фракциясынын экс-лидери: “Мен президенттик башкаруу формасына добуш бердим, акыркы 10 жылдагы эксперимент парламентаризм деген блеф, жомок, элди алдоо экенин көрсөттү”

Бөлүшүү:

-Сиз мурда парламенттик башкарууну колдоп келгендердин бири болгонсуз, 10-январдагы референдумда кайсы башкаруу формасына добуш бердиңиз?

Мен референдумда президенттик башкаруу формасына добуш бердим. Парламентаризм – бул идеалдуу башкаруу формасы. Бирок ага коом, партиялар даяр болуусу керек. Коом даяр болгондо гана парламентаризмге өтүш керек экенин 10 жылдык эксперимент көрсөттү да. Мына азыркы кадрдык башаламандыктар, кадрлардын сапатынын начардыгы, азыр бардык министрликтерде 60% ишин билбеген кадрлар олтурат. Алардын баары ар кандай фракциялардан келишкен лоббисттер. “Таанышың болсо танкасын, таанышың жок болсо манкасын” деген принцип “именно” азыр иштеп жатат. Мурункудай кесипкөйлөрдү тандаган вертикаль системасы жок калды азыр.  Жетекчилеринен “эй мунуң иштебей жатат го,  эмнеге кетирбейсин?” деп сурасаң, “мунун “крышасы” фракция” дейт, кетирсем эртең фракцияга чакырып алып, беттырмалык кылып, абийиримди кетирет, анда көрө жүрө берсин” дейт. Демек биздин саясый маданият, фракциялардын саясый деңгээли, жоопкерчилиги жетиле элек. Парламенттеги фракция мүчөлөрүнүн 80% кадр дайындоо иштерине кийлигишет.  Резюме көтөрүп эле “муну тияккка кызматка дайындап бер, муну биякка дайындап бер, шайлоодо жардам берген, эртең шайлоодо дагы жардам берет” деп жүрүшөт. Кадрды дайындоодо мындай жол менен эмес, анын профессионалдуулугун карап тандоо керек да. Азыр кадр саясаты өтө начарлап кетти.  Бул парламенттик система деген 10 жылдык эксперименттин бир эле кесепети.

Экинчиден, парламенттик система деген – бул партиялардын атаандашуусу. Шайлоодо утуп келген партиянын лидери премьер-министр болот да бийликтин баарын колуна топтоп, мамлекеттеги бүт саясатты жүргүзөт. Бизде айткылачы, партиялар барбы? Социалисттер партиясына капиталисттер толуп алган, капиталисттерге социалисттер кирип алган. Тааныш-билиш, жердеш, досчулук, акча, ким-кимге көбүрөөк акча берди, ошонун негизинде эле партиялык тизме түзүлүп жатпайбы. Азыр СДПКдагылар эртең “Биримдикте”, бүгүн “Мекенчилде”, ушулар партияларбы? Булар партия эмес да…

-Сиз деле алгач “Ата-Мекен” партиясында, андан кийин “Бир бол” партиясында болбодуңузбу?

-Мен “Ата-Мекенде”, анан “Бир болдо” болдум, бирок мен “Ата-Мекенге” силер жаман экенсиңер, “итиңер чөп жебей калды” деп кетип калган жокмун да… Биздики эки дос урушуп кетти дегендей, сейрек учуроочу окуя болду. Башкалар “мен тиги партияга кеттим” деп эле ачык кетип жатпайбы, аны партия дебейт. “Парламентаризм курабыз” деп бакылдай бергендерди мен көрүп алып, бир чети зээним кейийт, анткени көп адамдар ишенип жатышат да. Алар өздөрү деле билет, бул куру кыйкырык (блеф) экенин, жомок айтып жатканын, анткени парламентаризм деген эмне экенин 5 адам түшүнсө, 20 адам түшүнбөй эле чуулдап жатышат. Парламентаризм деген кооз сөзбү же… Мага бир демократиялык партияны айтып бергилечи, мисалы мен айтып бере албайм. Бардык партиялар бизде жеке менчик фирмалар. Бүт! Мага “любойун” айткыла, “любой” партияда кожоюну бар, лидери эмес, кожоюну бар. Ошол партиялар менен биз кантип парламентаризмди курабыз? Партия деген фанаттардын, идеяга ширелишкен, демократиялуу башкаруу эрежелери бар, классикалык партия болуш керек дүйнөдөгүдөй, Европадагыдай. Азыр парламентаризмдин үлгүсү – бул Европа. Бирок алар 300 жыл партияларды тээтиги уңгусунан баштап түптөгөн. Эгерде биз азыр убагында токтотуп калбасак мобуну, биз партия деген түшүнүктү таптакыр талкалап, тамтыгын чыгарабыз. Азыр кээ бир олигархтар партия түзүп, бийлик алганды коммерциялык схема кылып алган. Анан ушул жол менен парламентаризмге барабызбы? Кадимкидей партия түзөбүз, политтехнологдорду жалдайбыз, журналисттерди алып келип пиар кылабыз, анан анча-мынча “жылдыздарды” алып келип, тизмеге аралаштырабыз, анан акчаларды чогултуп, момунча байыйбыз, алып келип туруп бийликке ээ болобуз. Парламентке келип бийликти алабыз. Анан ошол жерде олтуруп алып, мамлекеттин ресурстарын бөлүштүрөбүз.Кадр саясатын чечебиз. Мамлекеттин тагдырын аныктайбыз” деген коммерциялык структурага айланып кеткен. Мына ушуну, биз  ушул нерсени тобокел кылып, уланта алабызбы? Же сындырып жок дейбизби? Менин оюмча сындырып жок кылыш керек. Бул адат болбойт, туугандар! Бир чоң коммерциялык структурага айланып калды.

-Бир жыл мурун башкача пикир айттыңыз эле да, бизге парламенттик башкаруу керек деп?

Парламенттик башкаруу керек, бирок колубузду жүрөкко коюп айталы, азыркы эксперимент болбой калды. Ошого көгөрө бербей, эркибизди жеткирели, айталы. Азыркы парламентаризм деген эксперимент болбой калды. Артка кайтып, кайра келели. Бирок, азыркы жолду “дальше” уланта берген болбойт. Анда тыптыйпыл болобуз. Жөн эле ит-акмагыбыз чыгат. Биздикиндей экспериментке бир да башка мамлекет чыдай алмак эмес, чачырап кетмек… Парламентаризм дегенге жамынып алып, элди алдабайлы! Азыркы биздеги система парламентаризм эмес, бизде саясый акционердик коом, фирма болуп калды… Партиялык тизмеге кирүү үчүн “канча акча бердиң? Мынча бердим” деген сөз ачык эле айтылып калды. Муну эл да билет. Бул парламентаризм эмес…

“Супер ТВ” каналынын видеосунун текстин кагазга түшүргөн Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: