Menu

Фото – Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Winternational Embassy Showcase эл аралык фестивалына катышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 5-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги Вашингтон шаарында аккредиттелген чет өлкөлүк элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен уюштурулган Winternational Embassy Showcase эл аралык фестивалына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган фестивалга Вашингтон шаарында аккредиттелген 60тан ашык чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү катышты. Майрамдын максаты чет өлкөлөрдүн туризм, экономикалык жана маданий-гуманитардык дараметин көрсөтүү болуп саналат.

Жыл сайын өткөрүлө турган фестивалдын уюштуруучулары Роналд Рейган атындагы Дүйнөлүк соода борбору, Вашингтон шаарынын мэриясы жана бир катар коомдук уюмдардан турат.

Ачылыш аземинде куттуктоо сөзү менен Роналд Рейган атындагы Дүйнөлүк соода борбору вице-президенти Э.Джелфусо, АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басарынын билим берүү жана маданий байланыштар боюнча жардамчысы М.Ройс, Вашингтон шаарынын мэриясынын жана коомдук уюмдардын-уюштуручулуардын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги фестивалдын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын кыргыз элинин маданияты, каада-салттары, туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат таратты, улуттурк кол өнөрчүлүк, тамак-аш үлгүлөрүн тартуулады. Бул иш чарага 6000 ашуун адам катышып, анын жүрүшүндө салтту жаңы жылдык соода мүмкүнчүлүктөрү болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: