Menu

Асамидин Марипов баласы, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповго чиренип ооруканада көңүлдөшү экөөлөп коррупцияны гүлдөтүп, кызматтык атмосфераны өлтүрдү…

Бөлүшүү:

Асамидин Марипов бир топ жылдан бери өзү башкарып келген Ноокат райондук борборлоштурулган оорукананы менчиктештирип алгандай өзүм билемдиги туурасында нааразычылыктар көптөн бери айтылып келет. Буга жүйө катары Асамидин Мариповдун жалпы жамаатка жомок болуп жүргөн кылык-жоруктарын айтсак жетиштүү болот.

Эмесе, бир-эки жагдайга токтоло кетели. Ооруканадагы дарыканалардын баары анын менчиги. Ооруп, сыркоолоп келгендер Мариповдун дарыканасынан керектүү дарыларды сатып алмайын каралбайт. Бул жагдай Мариповдун чөнтөгүнө оңбогондой эле киреше алып келет. Албетте, ооруп жан айласын таппай келген сыркоолордун эсебинен, эми бул Кудайга дагы жакпаган иш экенин мыйзам чегинен алып караганда да, шариаттан алып караганда дагы сокурга дайын. Бирөөнүн кайгысынан, көз жашынан, оорусунан акча жасоо – бул дүйөнүн да, аркы дүйнөнүн да сурагынан коркпогон абийирсиз адамдын гана колунан келчү иш. Бул бир гана жосунсуз жоругу…

Экинчи дагы бир оозду ачырган жоругуна баш чайкап, жакаңды кармабаганга аргаң калбайт. Билими жөнөкөй Айнура деген медайым көңүлдөшүн төрөт үйүнүн башкы медайымы кызматына коюп койгон. Ал кызматты Айнура айым өз пайдасына эң ийкемдүү пайдаланган. Ар бир төрөгөн аялдан 300 сом өлчөмүндө фондго деп акча төлөтүп, аны жалпы оорукананын кассасына врачтар аркылуу салдырат. Аны бир гана Айнура айым ала алат. Андан тышкары ооруканадагы кызматкерлердин ставкасын, табелин Айнура айымдын көзөмөл уруксаты менен гана түзүшөт. Кимди иштен алат, кимди коет бир гана Айнура айым чечет. Бөлүмдөрдүн башчылары да Айнура айымга таазим кылып турушат. Антпесе ал жерде иштеши кыйынга тураарын жакшы билишет. Айнура айымдын туура эмес ишин айткан врачпы же жөнөкөй кызматкерби 1 күндүн ичинде жумуштан бошотулушу турган иш. Буга Айнура айым менен болгон мамилесинин бетин ачышкан төрөт үйүндөгү 3 врачтын себепсиз иштен кеткени далил болуп берет.

Айтор төрөт үйүн Марипов көңүлдөшүнө башкартып, жамааттын кызматтык атмосферасын такыр талкалап салды. Эң эле кызыгы Айнуранын былыктары билинип, жамаат катуу нараазы болуп, мындан ары иштөөгө мүмкүн болбой калган соң, көңүлдөшүн жугуштуу оорулар бөлүмүнө дайындады. Тилекке каршы, ал жактын жамааты да каршылык көрсөтүшүп иштетпей коюшту. Айласы кеткен Марипов көңүлдөшүн Лор бөлүмүнө башкы айым кылып дайындады. Кыскасы, борборлоштурулган оорукананы Марипов менчигиндей калчап, көңүлдөшү экөө каалагандай башкарып чалчаңдап жатышат. Айнура айымдын диплому жок эле баласын Марипов оорукананын бухгалтердик кызматына иштетип койду. Апасынын көңүлдөшүнүн аркасы менен машина минип, майлуу кызматта отурган жигитке деле уят болсо керек. Бирок андай уялуу сезим байкалбайт.

Мындан сырткары төрөт үйүнүн башкы врачы Мухаммед деген врачтын 2 оор кылмышына карабай, анын айылдык кеңешке депутат болгондугу үчүн ишке алган. Мухаммеддин эки оор кылмышка шектүү экенин оорукананын кызматкерлери, эл жакшы билет. Башкача айтканда, мас абалында машина айдап, бир адамдын өмүрүн кыйганга шектелген. Бирок ал кылмыштуу ишти атасы мойнуна алып, Мухаммед мырза суудан кургак чыккан. Дагы бир кылмыштуу былыгы бар. Алсак, төрөт үйүнөн баласын көтөрүп жакшынакай чыгып бараткан келинди төрөбөй турган кылып берем деп инсульт кылып, колу-буту кыймылдабай жатат. Мухаммед болсо эч нерсе болбогондой каткырып коюп иштеп жүрөт. Марипов экөө убал-сооптон коркпогондору жамааттын, жергиликтүү калктын көкөйүнө көк таштай тийди.

Жамааттын нааразычылыгын эч ким укпай койду. Көрсө оорукананы көңүлдөшү экөөлөп кылмышка шектүу адамдар менен башкарган Мариповду “сууга салса чөккүс, отко салса күйгүс кылып жаткан Эсептөө палатасынын төрагасы болуп иштеген баласы Марипов Улукбек экен. Ошол себептен Асамидин Марипов балам турганда богума куурай сая албайсыңар деп ачык эле кол алдында иштеген врачтарды келекелеп, басынткан мамиле жасайт. Эми баласы чоң кызматта иштесе эле атасы оорукананы көңүлдөшү менен башкарыш керекпи? Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштүн алкагында ээн баш жана жоругу жолдо калчу атасынын иштерин калкалаган баласынын ишин текшертип көрсө чоң былыктар калкып чыкмак… Биз бул маселени учкай гана сиздердин гезит аркылуу президент, жогорку бийлик, коом билсин деп жарыялап берүүңүздөрдү өтүнүп жаздык. Тиешелүү органдар иликтөө иштерин баштаса, коомго жарыя кылбай турган иштерди берет элек…

Гезитке биздин жазгандарды, калыстык үчүн Асамидин Мариповдун айткандарын берсеңиздер болот. Эки тараптын айткандарын тең чыгарсаңар чындык ким тарапта экенин, жогорку бийлик, эл өздөрү таразалайт деген ишеничтебиз…

Мамасали Абдираимов

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: