Menu

Сауд ханзаадасы Азия сапарын Кытайда жыйынтыктайт

Бөлүшүү:

Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман Азияга болгон масштабдуу иш сапарын Кытайда улантууда. Эки күндүк Пекин зыяраты анын Азия турун жыйынтыктайт.

Саудиялык делегациянын ичиндеги өлкөнүн Тышкы иштер министри Адил Жубейр кытайлык кесиптеши Ванг Йи менен жолугушту. Ванг Йи Сауд Аравиясы менен жогорку технология тармагында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Ал эми падышалык Кытайдын Лияониң провинциясында мунай-химиялык заводун курууну пландап, долбоорго эки президенттин кол коёру күтүлүүдө. Буга чейин Аравия Кытайга мунай экспорту боюнча биринчи орунда болсо, үч жылдан бери аны Орусия ээлеп келет.

Эске салсак, Кытайга чейин ханзаада Пакистан жана Индияга зыярат кылып, ири көлөмдөгү кызматташтыктарга кол коюп келди.

Адистер Мухаммед бин Салмандын бул сапары Батыш өлкөлөрүнө каршы өз аброюн кайрадан жогорулатуу максатында уюштурулганын белгилешүүдө.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: