Сооронбай Жээнбеков кечээ, 26-декабрда, Москва шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Бул Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына жасаган экинчи иш сапары.
Эске салсак, бүгүн, 26-декабрда түшкө чейин Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасына эки күндүк расмий сапарын жыйынтыктаган. Ал жерде Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сапардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду жана эки мамлекеттин лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ