Menu

Алмазбек Атамаев: “Бабановдун иштери жабылышы керек”

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалына курган маегинде мурдагы премьер-министр, былтыркы президенттик шайлоодо утулуп калган Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керектигин айтты.

Ал Бабанов шайлоо өнөктүгү маалында кастыкты козутууну көздөбөгөнүн кийинки кадамдары менен далилдегенин билдирди: “Чындыгында Бабановдун иштери жабылыш керек. Чынында Бабановго рахмат айтыш керек. Бир жылда бир нерсе кылдыбы, айттыбы? Ынтымакты, тынчтыкты бузуш үчүн бир аракет кылдыбы? Менин сөзүмө, Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө ишенип, алданып калды, ачыгын айтканда. Ошондуктан мен дагы өзүмдү ыңгайсыз сезип атам”,-деди Атамбаев.

Экс-президент Атамбаев Бабановго козголгон иштер жабылышы керектигин жаңы президент Сооронбай Жээнбековго да айтканын кошумчалады. ​

“Республика” партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда “анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет” деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ошондой эле ага карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: