Бишкек жана Ош шаарында жакында үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн мамлекеттик кризистик борбор ачылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кечээ, 16-январда Аялдар иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлөдөгү зомбулук маселесин чечүү үчүн мамлекеттик институттар менен коомдун кийгилишүүсү зарыл. “Бардык шаарларда жана айыл өкмөттөрдө Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер – туруктуу иштей турган коллегиялык орган негизделет. Ал үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ара иштешүү жана координациялоо үчүн мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарынын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка жергиликтүү коомчулуктардын активдүү мүчөлөрүнөн түзүлөт. Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул жабырлануучу маселесин өз алдынча жеңип чыга албай калган кырдаал. Бул жерде үй-бүлөнүн эң аярлуу мүчөсү – аялдар, балдар, кары-картаңдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жабыр тартып жаткандыктан, мамлекеттик институттардын жана коомдун кийгилишүүсү зарыл“, — дейт А. Өмүрбекова.
Эске сала кетсек, жаны жыл башталганда эле үй-бүлөлүк зомбулуктан эки аял каза болду. Алсак, 1-январда Кочкор районунда 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөлөрүнүн ур-токмогунан улам каза болгон. 4-январда Каракол шаарында жолдошу бензин чачып өрттөгөн 33 жаштагы келин учурда ооруканада дарыланууда, врачтардын айтымында, анын абалы орто.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ