Menu

Пенсия чектөө саясатын өркүндөтүүнүн жаӊы усулдары менен чаралары сунушталууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште пенсиялык тутумдун натыйжалуулугун арттыруу, пенсия дайындоонун камсыздандыруу принциптерин бекемдөө, жарандарды пенсия менен камсыз кылуу жол-жоболорун ыраатташтыруу максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Соцфонддун маалыматына караганда, мыйзам долбоору аркылуу пенсияларды индексациялоонун, 1-топтогу майыптардын пенсияларынын өлчөмүн жогорулатуунун, пенсиянын өлчөмүн эсептөө үчүн 1996-жылга чейинки эмгек акынын өлчөмүн бышыктоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн жаңы чаралары каралууда. Ал үчүн «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө» мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү милдети турат.

Буга чейин 1997-жылдан берки мезгилдеги пенсияларды индексациялоо ар кандай усулдар аркылуу жүрүгүзүлүп, камсыздандыруунун негизги принциби – которулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасында алынган пенсиялардын өлчөмдөрүнүн теӊдештиги сакталбай келген. Ошондон улам, пенсиялык саясатты өркүндөтүү жаатында бир катар өзгөртүүлөр сунушталууда.

Пенсиянын  камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоонун коэффициенти керектөө бааларынын индексинин суммасынын жана өткөн календардык жылы калыптанган орточо бир айлык эмгек акынын өсүшүнүн орточо маанисинен кем эмес көлөмүн түзөт. Орточо маани  сандарды кошуп, андан соң алардын санына бөлүү аркылуу аныкталат.

Мыйзам долбоору тармактык комитетте каралып жатканда, депутаттар тарабынан пенсиялык камсыздоо жаатындагы электрондук арип колтамгасы бекер берилиши керектиги, аны саткан айрым жеке менчик компаниялар “шабашка” жасап жатканы, электрондук арип колтамгасы боюнча кызмат мамлекеттик компаниялар иш алпарып, ал бекер же символикалык акы менен берилиши керектиги белгиленген.

Депутат Садык Шер-Нияз Соцфонддун өкүлүнө Маданият министрлиги менен бирге СССРдин эл артисттеринин пенсиясын көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. “Кыргызстанда 3-4 эле СССРдин эл артисти бар, аларга жетиштүү көӊүл бурулбай калды. 20 миӊ сомго жетпеген пенсия алышат экен. Алардын өлкө маданиятынын өнүгүшүнө сиӊирген эмгегин баалаш керек”, – дейт ал.

Акыркы маалыматтарга караганда, электрондук арип колтамгасын даярдоо боюнча өлкө аймагында 3 жеке менчик компания иш алпарып, анын эки комплектиси 7800 сом турат, аны бөлүмдөрдүн башчылары менен бухгалтерлер сатып алышууда. Ушу тапта өлкө аймагында 604 миң 800 пенсионер бар. Анын ичинде I топтогу майыптар – 9 миӊ 600 адам, алардын пенсиянын орточо өлчөмү – 4779 сом.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө” мыйзамдарга) да экинчи окууда каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: