Menu

Казакстанда кытай заводдорунун курулушуна каршы акциялар өтүп, бир нече киши кармалды

Бөлүшүү:

27-мартта Казакстандын бир нече ири шаарында «Кытайдын экспансиясына» каршы митингдер өттү. Акция катышуучулары бийликтин Бээжинге жер тилкелери менен активдерди беришине, жергиликтүү бизнестин өнүгүшүнө көмөктөшпөй жатканына нааразылык билдиришти.

Буга чейин өлкө жарандарын нааразылык акцияларга чыгууга «Казакстандын демократиялык партиясы» кыймылынын лидери Жанболат Мамай менен бозгундагы оппозициячы Мухтар Аблязов чакырган.

Алматыдагы митингге 300гө жакын киши катышты. Алардын көбү колдоруна Кытайга каршы ураандар жазылган плакаттарды кармап, казак бийлигин өлкөдө Бээжин менен биргелешкен ишканаларды курбоого, жерди чет элдиктерге ижарага бербөөгө жана ал жерлерди коргоого чакырышты.

Акция бийлик менен макулдашылганына карабастан, айрым активисттер аянтка бараткан жолдо кармалды. Митинг өткөн аймакта интернет иштеген жок.

«Эркин Европа» радиосунун казак кызматы Актөбө шаарындагы акциянын бир нече катышуучусу кармалганын кабарлады. Нур-Султанда полиция «митинг өткөрүлө турган жер» деп көрсөтүлгөн цирктин имаратына баратканда бир нече адамды кармаган. Ал күнү эртең менен цирктин жанындагы аймак курчоого алынып, аянтка кар тазалоочу унаалар коюлган.

Чымкент шаарында полиция кеминде эки адамды кармады. Алар “Кытайдын экспансиясына” каршы болгонун билдирип, саясий себептер менен куугунтукталган активисттерди бошотууну талап кылышкан. Ошол эле күнү Орол шаарында эки активист кармалганы, полиция митингге чыккандардын үйлөрүндө нөөмөттө турушканы кабарланган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: