Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев менчик клиникага жаткырылды. Бул тууралуу ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Белгиленгендей, УКМКнын СИЗОсунда жаткан Жумалиев “Бикард” жеке клиникасында дарыланууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал ооруканага кан басымы жана жүрөк оорусунан улам жаткан.
Белгилей кетсек, Кубанычбек Жумалиев Эл аралык медициналык университетке лицензия алууда, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштырууда, салык жашырууда, мыйзамсыз баюу фактылары боюнча айыпталууда.
Ал 4-февралда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча УКМК тарабынан кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 4-апрелге чейин камалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ