Бүгүн, 29-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө биринчилерден болуп коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды.
Министрден кийин анын орун басарлары да эмделди.
Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өткөндөн кийин жарым саат дарыгерлердин көзөмөлүндө болду, андан кийин ал өзүн жакшы сезип жатканын айтып, жумушуна жөнөдү.
Белгилей кетсек, бүгүнтөн баштап Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөө башталды. Бул үчүн Бишкек шаарында, Ошто жана Чүй облусунда атайын эмдөө пункттары дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ