Бажы кызматы Кырдаалдык борборун жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Бажы кызматы 2020-жылы ноябрь айында Вице-премьер-министр А.Э.Новиковдун катышуусу менен өзүнүн Кырдаалдык борборунун ачылышын өткөрдү. Бүгүнкү күндө Кырдаалдык борбор – бул өткөрүү пункттарынан жана бажылык тариздөө жүргүзүлгөн жайлардан бардык маалымат келип түшкөн “башкаруу штабы”. Бул алдын ала маалыматты берген учурдан товарларды чыгаруу учуруна чейин товарларды үзгүлтүксүз мониторингдөөнүн өзүнчө бир борбору.
Кырдаалдык борборду жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү максатында, өнөктөш өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын тажрыйбасын эске алып жана донорлордун жардамы менен Кырдаалдык борбордун маалымат системасын долбоорун түзүү жана талдоо жүргүзүү үчүн кошумча автоматташтырылган подсистемаларды иштеп чыгуунун үстүндө иштер башталды.
Долбоорду ийгиликтүү жана толук кандуу ишке ашыруу кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, тариздөө процесстерине адам факторун азайтууга жана товарларды бажылык тариздөөдө ТЭИ катышуучуларынын чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ