Menu

ТМККга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммити болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-мартта, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммити болуп өттү.

Бейформал саммитке Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын туңгуч Президенти жана Түрк кеңешинин Ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Ошондой эле, байкоочу-өлкө катары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары катышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө күн тартибиндеги аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелерге токтолду. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин интеграция процессин бекемдөө боюнча бир катар факторлорду белгиледи.

Бейформал саммиттин жүрүшүндө Түрк кеңешинин Баш катчысы Багдад Амреевдин отчету угулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында «Түркстан декларациясы» кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: