Menu

Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу китептердин сериясын чыгарды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда өлкөбүздүн  Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиевди кабыл алды. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейин өткөрүүнүн алкагында  жана жазуучунун чыгармаларын жайылтуу боюнча  институттун ишмердиги тууралуу сөз болду.

Абдылдажан Акматалиев Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берди.

Тактап айтканда, жазуучунун чыгармачылыгына арналган 30дан ашуун китептерди, Айтматовдун чыгармалар жыйнактарын кыргыз жана орус тилдеринде  чыгаруу тууралуу Өкмөттүн тапшырмасы аткарылды. Бардык болжолдонгон  чыгармалар даярдалып, басмадан чыгарылды. Бул тапшырма Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр болуп турган мезгилде берилгендиги белгиленди.

Президент улуу жазуучунун чыгармалары дүйнө элдеринин маданияттарынын  жакындашуусуна жана өз ара байышына зор таасир тийгизгендигин белгиледи.

«Айтматовдун адабий мурасы көп кырдуулугу жана кайталангыстыгы менен кыргыз элинин гана эмес, жалпы адамзаттын дөөлөтүнө айланып калды. Биздин милдет — Чыңгыз Төрөкуловичтин баалуу адабий мурасын болочок муунга жеткирүү. Бул милдетти биз намыс жана сыймык менен аткарууга тийишпиз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы дүйнөнүн маданият жана илимий ишмерлеринин  жер жүзүндө тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча жаңы идеяларды жайылтуу максатында уюшулган «Ысык-Көл форумуна»  даярдык көрүүнү күчөтүү боюнча  тапшырма берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: