Сооронбай Жээнбеков “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 9-ноябрында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзамда 2002-жылдын 29-апрелиндеги №76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамдын 7-статьясына толуктоо киргизилет. Ага ылайык, Кыргыз Республикасында чарба жүргүзүүчү субьекттериндин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ