Бүгүн, 2-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 162 учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 112, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 39, Ош облусунан – 1, Баткен облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 7, Жалал-Абад облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 88 700 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 82 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 84 979га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 45, Чүй облусунан – 31, Ош облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 2, Баткен облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Буга чейин илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1500гө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ