Menu

Ош облусунун аймагында жүргүзүлгөн түнкү рейд иш-чарасынын учурунда көзөмөлүсүз жүргөн 74 жаш өспүрүм аныкталды

Бөлүшүү:

2-апрелде Ош ОИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөрдүн укук бузууларын алдын алуу жана алардын коопсуздугун камыздоо максатында түнкү рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара жаш өспүрүмдөрдүн криминогендик абалын эске алуу менен Ош облусунун бардык райондорунда өткөрүлдү. Түнкү рейддин жүрүшүндө жаш өспүрүмдөр көп чогулушу мүмкүн болгон бильярд ойноочу, компьютердик клубтар, эс алуучу бактар, кафелер текшерилип,  түнкү күзөт уюштурулду. Түнкү рейд иш-чарасынын учурунда чоң адамдардын көзөмөлүсүз жүргөн 74 жаш өспүрүм аныкталды. Жаш  балдардын укук бузууларын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине өз милдеттерин туура аткарууну жана түнкү убакта балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулушу мүмкүн экендиги эскертилди. Аныкталган жаш өспүрүмдөр билим берүү мекемелеринде окугандыгы тастыкталып, мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн мекемелердин администрациясына тиешелүү материалдар жөнөтүлдү.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы эскертет, Кыргыз Республикасынын 21.07.2015-жылдагы №185 сандуу “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” Мыйзамында, түнкү убакытта ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) коштоосусуз жүрүүсүнө  тыюу салынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: