Бишкекте айдоочулардын иштен кетип калгандыгына байланыштуу, 25 маршрут ишин токтотту. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын айтымында, айрым каттамдарга айдоочулар жетишпейт. Дагы деле жүргүнчүлөр агымы көп каттамдар бар. Жүргүнчүлөр агымы көп маршрут каттамдар гана калып жатышат.
Мурунку жылдарда, анын маалыматына ылайык, маршруттук таксилердин пландаштырылган көлөмү 2600 автоунаа болсо, азыр 1800. Бирок унаалардын жана айдоочулардын жетишсиздигинен улам 1500гө жакын маршрут гана иштеп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ