Алматыда сот активист Асия Тулесованы мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотту.
2020-жылы августта Алматы шаарындагы Медеу райондук соту «полицияга зомбулук көрсөткөн» деп айыпталган жарандык активист Асия Тулесованы күнөөлүү деп тапкан. Сот активисттин эркиндигин 18 айга чектеп, 41 миң теңге ($100) айып пул төлөөгө милдеттендирген.
Активист шарттуу түрдө бошотуу үчүн быйыл 2-мартта сотко арыз берген.
Казакстандын Кылмыш-аткаруу кодексине ылайык, эркиндиги чектелгендер катталган жеринде жазасын өтөйт. Алар соттун чечимин, пробация кызматынын талаптарын аткарууга тийиш. Соттолгондор катталган жерин жана окуусун албаштыра албайт, чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган. Эгер пробация шарттары бузулса, алгач эскертүү алышат, кийин пробация кызматы сотко кайрылса, киши эркинен ажыратылышы ыктымал.
36 жаштагы Асия Тулесова 2020-жылы 6-июнда Алматыдагы митинг маалында кармалган. Ал күнү полиция Казакстандын бир нече шаарында «Тынч жыйындар жөнүндө» мыйзамга карата нааразылык билдирип чыккан 100дөн ашуун адам кармап кетип, көбүн ошол күнү кечинде бошоткон.
Тулесова митинг маалында тартип коргоочулардын биринин шапкесин чаап жибергени чагылдырылган видео Интернетке таркап кеткен. Активист кыз ал полициянын мыйзамсыз аракеттерине жооп катары ушул кадамга барганын айтып, өзүнө саясий негизде айып коюлганын билдирген.
Буга чейин «Human Rights Watch» сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары жана Казакстандагы жарандык коом өкүлдөрү президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, Тулесованы бошотууну талап кылышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ