Menu

Өзбекстандагы «Жаслык» колониясы толугу менен жабылган эмес

Бөлүшүү:

Каракалпакстандагы шарты катаал «Жаслык» колониясы толугу менен жабыла элек экени белгилүү болду.

«Эркин Европа» радиосу жүргүзгөн иликтөөдө түрмөдө азыркыга чейин өмүр бою эркинен ажыратылган жарандар отурганы айтылат.

2019-жылы 2-августта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Жаслык» колониясын жоюу боюнча токтомго кол койгон. Ички иштер министрлигине (ИИМ) ал жакта жазасын өтөп жаткандарды башка түрмөлөргө которуу тууралуу тапшырма берилген.

Өзбекстан ИИМи 2019-жылы октябрда өмүр бою эркинен ажыратылгандар да башка колонияларга жиберилгенин маалымдаган.

5-апрелде 18 жыл мурун атайылап киши өлтүрүу айыбы менен өмүр бою соттолгон жарандын туугандары «Жаслык» колониясына барып келишкенин билдиришти.

– Биздин үйдөн «Жаслык» колониясына чейинки жол 1650 чакырымды түзөт. Апам экөөбүз такси жалдап барып келдик. Таксистке 2,5 миллион сум (250 доллар) төлөдүк, – деди ферганалык тургун.

Анын айтымында, «Жаслык» түрмөсүндө соттолгондор менен туугандары жылына бир жолу гана көрүшө алат.

Башкы прокурордун орун басары Светлана Артыкова «Жаслыкта» бир дагы киши калбаганын, өмүр бою соттолгондор кайсы абакта экени жөнүндө маалымат берилбей турганын айтты:

– «Жаслык» колониясы чын эле жабылган. Бир дагы соттолуучу калган жок. Бирок силер сураган категориядагы кишилер тууралуу маалымат жашыруун болуп эсептелет. Алар кайда кармалып турганын айта албайм.

«Жаслык» колониясында 11,5 жыл отуруп чыккан укук коргоочу Агзам Фармонов жалпы режимдеги атайын зона жабылганын, бирок өмүр бою соттолгондор үчүн бөлүнгөн зона азыр да иштеп жатканын билдирди.

Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автоном республикасындагы шарты катаал «Жаслык» түрмөсү 1999-жылы Советтер Союзунун тушунда химиялык курал сыналган жайдын ордуна ачылган. Анда негизинен диний экстремизм боюнча соттолгон адамдар кармалып келген.

Түрмө ириде аёосуз кыйноого, адам өлүмү менен аяктаган кейиштүү окуяларга байланыштуу атагы чыккан жана эл арасында «барса келбес» деген атка да конгон.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары жаманатты болгон «Жаслык» түрмөсүнүн жабылганын кубатташкан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: