Өзбекстанда Ташкент облустук инфекциялык ооруканасынын мурдагы башкы дарыгери Гүлжахон Юлдашевага карата сот өкүмү чыгып, анын эркиндиги төрт жылга чектелди.
Мындан тышкары Юлдашеванын кол алдында иштеген эки дарыгерге үч жылдан жаза мөөнөтү чегерилип, калган эки кызматкерди эки жылга түзөтүү жумуштарына тартуу тууралуу өкүм чыкты.
Гүлжахон Юлдашевага Өзбекстандын Кылмыш кодексинин «Ишенип тапшырылган мүлктү ээлеп алуу аркылуу уурдоо», «Адам өлүмүнө алып келген шалаакылык» жана «Кызматтык жасалмалуулук» деген беренелердин негизинде айып тагылып, иш козголгон. Сот иштери төрт айга созулду.
Юлдашева 2020-жылы 9-сентябрда кармалган. Анда ал 250 миллион сум (24 миң доллар) өлчөмүндө бюджеттик акчаны уурдоого шектелген. Ошондой эле ал коронавирус менен ооруган бейтаптын айыкканы тууралуу жалган маалымат берип, бирок кийин ал бейтап каза болуп калганы белгилүү болгон.
2020-жылы август айында Гүлжахон Юлдашева илдетке каршы күрөшүп жаткан медиктерге сыйакы же ооруканага тиешелүү жабдуу бөлүнбөгөнү тууралуу жергиликтүү медиага маек берип, андан көп өтпөй кармалган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ