Menu

Видео – Айзаданын өлүмү: Активисттер министрдин отставкасын талап кылып, ИИМдин алдына митингге чыгышты

Бөлүшүү:

Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.

Нааразы тарап Канатбекованын убагында табылбашы – милициянын шалаакылыгынан кабар бере турганын билдиришти.

Алар кандуу окуяга жол берилгени үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкага кетишин жана чогулгандардын алдына чыгып жооп беришин талап кылышты.

“Отставка!”, “Уят!”, “Министр кетсин!”, “Жетишет!”, “Ала качуу салт эмес!”, “Аялдарга сөз!”, “Коопсуз мамлекетте жашагым келет!” деп кыйкырып турушат. 2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын окуясын эске салышууда.

“Дагы канча өлүм керек?”,” Шалаакылык үчүн ким жооп берет?”, “Мен жашагым келет!” деген жазууларды, Айзада Канатбекованын жана Бурулай Турдаалы кызынын сүрөттөрүн көтөрүп алышкан.

Акциянын катышуучуларынын алдында Ниязбеков чыккан жок. Анын орун басары, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жетекчиси чыгып, жооптуу кызматкерлердин ишине баа бериле турганын айтты.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 31 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, 27 жаштагы кызды Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: