Орусия жарандыктан ажыратып, өлкөдөн чыгарып жиберген 60 жаштагы тажик диний ишмери эркиндикте экенин айтууда.
Саиднуриддин Розиков күн мурун видеокайрылуу жасап, Орусияда белгисиз кишилер аны уурдап кетип, тажик бийлигине өткөрүп бергенин айтты:
– Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети текшерип, менин күнөөсүз экенимди аныктады. Ушул апта Душанбеде агамдыктында тынч эле жашап жатам.
Тажикстандын атайын кызматы бул маалыматты тастыктап же четке каккан жок.
Буга чейин Розиковдун туугандары тажик бийлиги аны өлкөдө тыюу салынган “Салафия” диний агымына катышы бар деп айыптап жатканын билдиришкен. Алардын айтымында, тергөөчүлөр кылмыш ишин токтотуу үчүн андан бир миллион рубль талап кылышкан.
Бул видео кайсы жерде жана кандай шартта тартылганы белгисиз. Диний ишмер болсо видеону 3-мартта агасынын үйүнүн алдында тартканын ырастоодо.
Видеодо Саиднуриддин Розиков Орусиядан чыгаруу боюнча эч кандай чечим болбогонун айткан. Ал Орусияга кайтууну пландап жатканын, бирок бул үчүн керектүү документтери жок экенин кошумчалаган.
Саиднуриддин Розиков 1998-жылдан бери Орусияда жашап жүргөн. Соода менен алектенип, бир учурларда анча чоң эмес мечиттин имамы болгон. Ал 90-жылдары эле орус жарандыгын алган, былтыр паспорт үчүн туура эмес маалымат берген деген жүйө менен жарандыктан ажыратылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ