Menu

Тажикстанда балдар жапырт сарык менен ооруп жатышат

Бөлүшүү:

Тажикстандын Ашт районундагы Пунук айылында жүзгө жакын бала сарык же гепатит А менен ооруп жатат. Балдардын мындай жапырт ооруусу райондо биринчи жолу катталууда. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтегилер билдиришти.

Айылдын катчысы Саида Гафурованын айтымында, ооруп калгандардын көбүн 5-6 жаштагы балдар түзүшөт. Ал дарыгерлер тарабынан айылдагы бардык көлмөлөрдө санитардык-профилактикалык, ал эми ажатканаларда химиялык тазалоо иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

Жергиликтүү оорукананын дарыгери Исматулло Абдуллоев акыркы эки айда аталган айылдын гепатит А менен ооруган 40тан кем эмес баласы ооруканага жаткырылганын билдирди. Айтымында, алардын тышкары үй шартында дарыланып жаткан балдар да жок эмес.

Тажикстанда гепатит А менен ооругандардын саны күзүндө кескин көбөйөт. Согди облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда, быйыл сарык менен ооругандардын саны Канибадам, Матсинск, Исфара жана Жабборрасулов райондорунда көбөйгөн.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен аларда бардык аймактагы жашоочуларга эмдөө жүргүзүүгө каражат жок экенин билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: