Menu

Казакстанда камактагы активист нааразылык катары күрөө тамырын кескени кабарланууда

Бөлүшүү:

Казакстанда саясий туткундардын тизмесине киргизилген камактагы жарандык активист Асет Абишев мыйзамсыз тинтүүгө нааразылык катары күрөө тамырын кести. Бул тууралуу укук коргоочу Бахытжан Торегожина 7-апрелде «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, медициналык жайдан Абишевге тиешелүү жардам көрсөтүлбөй, зарыл болгон дары-дармек менен камсыз кылынган эмес. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ал айып изоляторуна киргизилген.

Асет Абишевдин жакындарынын айтымында, буга чейин ал абакта тинтүү болгонун, анын жүрүшүндө катуу сабалганын билдирген.

Активист жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Алматы облусундагы түзөтүү жайынын өкүлү анда мындай маалымат жок экенин айтып, жетекчилик абакты кыдырып жүргөнүн билдирди. Кылмыш аткаруу системасынын комитетинин басма сөз кызматы бул боюнча кийинчерээк маалымат бериле турганын кабарлады.

Асет Абишевдин адвокаты менен тарапташтарынын айтымында, активист 2019-жылы апрелде түрмөгө аскерлер киргизилгенде сабалган. Адвокаттын бул факты боюнча кылмыш ишин козготуу аракетинен майнап чыккан эмес. Прокуратура камактагы Абишевдин сабалганы тууралуу маалыматтарды четке кагып, бирок тинтүүдөн кийин ага медициналык жардам көрсөтүлгөнүн ырастаган.

Казакстандагы бир катар укук коргоо уюмдары Асет Абишевди саясий туткун деп таанышкан.

42 жаштагы Асет Абишев 2018-жылы “Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу” айыбы менен төрт жылга соттолгон. Активисттин тарапташтары ал чет өлкөдө жашаган мурдагы банкир, казак бийлигин сындап жүргөн Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдогону үчүн куугунтукталууда деп эсептешет. Казакстанда бул кыймыл экстремисттик уюм деп табылган.

Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий туткундар жок экенин билдирип келет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: