Ысык-Көл облусунун аймагында мал уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында «Касапчы» операциясы жүрүп жатат. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Аталган операциясынын алкагында мал уурулук менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга, мал уурулук менен алектенишкен кылмыш топторун аныктоо жана издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоого багытталган ыкчам-профилактикалык иш-чаралар турмушка ашырылууда.
Малды сатуу, анын этин иштетүү жана реализациялоо менен ишмердүүлүгүн жүргүзүшкөн бардык объектер текшерүүдөн өткөрүүлүдө.
Аталган операциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бир күндүн ичинде 5 факты мал уурулуктун бетин ачууга үлгүрүштү. Уурдатып жиберишкен мал ээлерине 2 баш торпоктору жана 7 баш койлору кайтарылып берилди.
Түп РИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан мал уурулук менен алектенишкен 3 адамдан турган кылмыш тобун колго түшүрүштү. Кылмыш тобунун башында мурда тоноочулук үчүн соттолгон Түп айылынын 23 жаштагы тургуну А. Рыскелди, өзүнүн эки шакирти менен 14-майга караган түнү, өзүнүн эле айылдашынан 4 баш кочкорун, 1 баш музоосун жана 4 кап арпасын уурдап кетишкендиги аныкталды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, кармалган кылмыш тобунун башка мал уурлук фактыларына катыштыгын текшерүү максатында тергөө – ыкчам иштери жүргүзүлүп жатат.
Ысык-Көл ОИИБнын жана Ак-Суу РИИБнүн КИБнүн кызматкерлеринин биргелишкен ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бир катар мал уурулук кылгандыгына шектелип, мурда дагы ушундай кылмыш үчүн соттолуп келген Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 25-жаштагы тургуну К. Талант кармалды. Өзүнүн берген көрсөтмөсүндө, март айында Ак-Суу районуна караштуу Орлиное айылынын тургундарынан 2 баш торпокторун уурдап кеткен.
Аталган фактылар боюнча КР КЖКнын 165 -беренси (мал уурдоо) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ