Menu

Bloomberg: АКШ орус дипломаттарын чыгарып, жаңы санкция киргизүүгө даярданууда

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы хакердик чабуулдар жана шайлоого кийлигишүүгө жооп иретинде өлкөдөн орус дипломаттарын чыгарып, жаңы санкцияларды киргизүү ыктымалдуулугун кароодо.

Бул тууралуу Bloomberg өз булактарына таянуу менен билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, Ак үйдө Москванын ыктымал душмандык аракеттери жана америкалык Solar Winds компаниясы иштеп чыккан программалык камсыздоонун жардамы менен өкмөттүк мекемелерге хакердик чабуул коюу боюнча маалыматтар иликтенип бүттү. Бул Америка тарыхындагы өтө коркунучтуу киберчабуул деп аталууда.

Агенттиктин булактары билдиргендей, санкцияга орус президенти Владимир Путиндин жакындары, шайлоого кийлигишүүгө катышы бар бийлик органдары кириши мүмкүн. Ошондой эле “дипломатиялык ишке жамынын алган чалгын кызматкерлерин” да өлкөдөн чыгаруу каралууда.

Орусиянын душмандык аракеттерине анализ жасоону Жо Байден Ак үйдөгү алгачкы жумуш күнүндө эле тапшырган. Иликтөө төрт багыт боюнча жүргөн – хакердик чабуул, Ооганстандагы жоокерлерге карата душмандык аракет, шайлоого кийлигишүү жана оппозиционер Алексей Навальныйдын ууландырылышы.

Марттын ортосунда америкалык атайын кызматтар Орусиянын 2020-жылы АКШда өткөн шайлоого кийлигишүүсү жөнүндө баяндаманы жарыялашкан. Анда Байден ABC News каналына интервью берип, Путин президенттик шайлоого кийлигишкени үчүн “жооп берерин” айткан.

Орусияныкы деп жоромолдонгон APT29 же Cozy Bear хакерлер тобу Кошмо Штаттардын 250дөн ашуун өкмөттүк тармактарынын Интернет байланыш каражаттарын бир нече ай бою мыйзамсыз ачууга жетишкен. Ал мекемелердин арасында Финансы министрлиги, Мамлекеттик департамент да бутага алынган. Бул тууралуу былтыр 13-декабрда Reuters агенттиги менен Washington Post гезити жазган.

Орусиянын расмий бийлиги буга чейинки АКШга каршы хакердик чабуулдар тууралуу дооматтарды четке кагып келген. Скрипаль менен Навальныйдын ууландырылшын да мойнуна алган эмес.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: