Menu

АКШ элчилиги түрмөдө колун кескен активистке медициналык жардам көрсөтүүгө чакырды

Бөлүшүү:

АКШнын Казакстандагы элчилиги 8-апрелде жалпы режимдеги колонияда жазасын өтөп жаткан активист Асет Абишевге медициналык жардам көрсөтүүгө чакырды.

«Эл аралык деңгээлде саясий туткун катары таанылган Асет Абишевдин ооруканага жаткырылышы жөнүндө кабарды күтөбүз жана ага тезинен медициналык жардам көрсөтүүгө чакырабыз. Кишилер тынч активдүү позициясы үчүн түрмөгө камалбашы керек», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Казакстанда саясий туткундардын тизмесине киргизилген камактагы жарандык активист Асет Абишев мыйзамсыз тинтүүгө нааразылык катары күрөө тамырын кескен. Бул тууралуу укук коргоочу Бахытжан Торегожина 7-апрелде «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

Анын айтымында, медициналык жайдан Абишевге тиешелүү жардам көрсөтүлбөй, зарыл болгон дары-дармек менен камсыздалган эмес. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ал айып изоляторуна киргизилген.

«Эркин Европанын» казак кызматы Алматы облусунун Заречный кыштагындагы колониянын администрациясына кайрылып, бул боюнча так жооп ала алган жок. Бейшемби күнү кечинде облустун Жаза-аткаруу департаменти Асет Абишев каршылык иретинде өзүн жарадар кылганын тастыктады.

Департаменттин билдирүүсүнө караганда, Абишев тинтүү учурунда сол колун кесип жиберген. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. «Абалы канааттандыраарлык, ооруканага жаткырууга муктаж эмес», деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге Капшагай шаарынын ыкчам тергөө тобу жана прокурор келген. Сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Казакстандагы бир катар укук коргоо уюмдары Асет Абишевди саясий туткун деп таанышкан.

42 жаштагы Асет Абишев 2018-жылы «Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу» айыбы менен төрт жылга соттолгон. Активисттин тарапташтары ал чет өлкөдө жашаган мурдагы банкир, казак бийлигин сындап жүргөн Мухтар Аблязовдун «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын колдогону үчүн куугунтукталууда деп эсептешет. Казакстанда бул кыймыл экстремисттик уюм деп табылган.

Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий туткундар жок экенин билдирип келет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: