Menu

Өзбекстанда кош бойлуу келин токмок жегенден кийин муунуп өлдү

Бөлүшүү:

Жарым жыл мурун Хорезм облусунун Шават районуна караштуу Каткалъа айлына турмушка чыккан 19 жаштагы Мухлиса Адамбаеванын сөөгү 1-апрелде күйөөсүнүн үйүндөгү сарайдан табылды.

Маале жашоочулары жана Мухлисанын туугандары өлөрдөн мурун ал сабалганын айтышууда. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөнү менен анын үй-бүлөсү эксперттердин бүтүмүн ала элек.

Окуяны облустук прокуратура иликтеп жатат.

Журналисттер Мухлисанын күйөөсү жана кайненеси менен жолугушкан. Алар маркум өзүн-өзү өлтүргөнүн, күнөөлөрү жок экенин айтышкан.

Күбөлөрдүн билдиришинче, Мухлиса өлөрдөн бир күн мурун катуу токмок жеген жана апасына: “Мени бул жерден алып кеткиле же мен өлөм” деп айткан.

Мухлисанын апасы эл арасында ушак тарабасын деп, көгала болгон кызын кайын журтуна калтырып кеткен билдирди.

Өлөр алдында кыз жууркандын алдына кат таштап кеткен. Катта: “Атам менен апам мени кечирсин, мен аларды кечирдим” деп жазылган.

Жергиликтүү жашоочулар Мухлиса мектепте жакшы окуганын, апасы мугалим болгонуна карабай, анын билим алуусуна шарт түзбөй, эрте күйөөгө бергенин айтышууда. Келин кош бойлуу болгон.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: