Menu

Айзада Канатбекованы уурдоого шектүүлөрдүн бардыгы кармалды

Бөлүшүү:

Криминалдык милиция кызматкерлери Айзада Канатбекованы уурдоого шектелген дагы эки адамды кармады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагынан кылмышка шектүү делген 26 жаштагы Т.К., ал эми Жалал-Абад облусунан 30 жаштагы Н.О. кармалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгон. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кечээ кылмышка шектүү делген 1989-ж. З.Р. аттуу жаран кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: