Menu

Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Бөлүшүү:

Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган тыюу салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги бекитилген 100 күндүк чаралар планынын алкагында киргизилген.

Аталган токтомдун максаты – Кыргыз Республикасынын калкынын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо, өлкөдөгү эпидемиологиялык кыйын кырдаалдын алдын алуу үчүн дары-дармек каражаттары жана медициналык  буюмдар менен камсыздоодо жетишсиздикке жол бербөө.

Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги убактылуу тыюу салуу жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы зарыл.

Экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык  буюмдардын тизмеси тиркелген.

тиркеме.docx

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: