Кыргызстан интернет айдыңын бир канча жумадан бери жарып жаткан Гүлзат Мамытбек саентология чиркөөсүнүн мүчөсү экени белгилүү болду. «Турагой, кыргызым, алтыным» деген сөздөрү менен белгилүү болгон Гүлзат Мамытбектин америкалык жазуучу Рон Хаббард негиздеген саентология чиркөөсүнүн мүчөсү экенин интернет колдонуучулар Инстаграммдагы сүрөттөрү аркылуу аныктап чыгышкан. Ал сүрөттөрдө Гүлзат Мамытбек чиркөөдөн алган сертификаттары менен түшкөн. Анан калса, Гүлзат Мамытбектин жообу көп күттүргөн жок. Ал саентолог экенин мойнуна алды. Бирок, «саентолог-мусулманмын»деп Инстаграм баракчасына жазды.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ