Бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш ишин карады.
Жараянга судья Айнура Сатарова төрайымдык кылды.
Жыйынтыгында кылмыштын курамы жок болгондуктан Текебаев менен Чотонов акталды.
“Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов КР Жазык кодексинин 303-беренесинин 1-б. көрсөтүлгөн кылмыш окуясы жок болгондуктан акталсын. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата тандалган үй камагындагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылсын”, – деди судья.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ