Menu

Казакстанда мунайчылар айлык акыны жогорулатууну талап кылууда

Бөлүшүү:

Кызылордо облусундагы мунай өндүрүүчү «Куатамлонмунай» компаниясынын 300дөн ашуун жумушчусу айлык акыны жогорулатууну талап кылууда. Алар эгер жетекчилик жана бийлик буга реакция жасабаса, иш таштай турганын билдирип жатышат.

Жумушчулардын айтымында, алар орто эсеп менен 110 миң теңге (250 доллар) маяна алышат.

«Биз айлык акыбызды кеминде 250 миң теңеге чейин көбөйтүүнү талап кылабыз. Арабызда 90 миң теңге алгандар да бар», — деди кенчилердин бири.

Интернетте жарыяланган видеодо жумушчулардын бири президент Касым-Жомарт Токаевге, энергетика министри Нурлан Ногаевге, Кызылордо облусунун акими Гульшара Абдикаликовага жолдонгон катты окуп берди:

«Азык-түлүктүн, базарда баалардын кымбаттоосу катуу таасир берүүдө. 2017-жылдан бери айлык акы көтөрүлө элек. Өткөн жылдын 24-ноябрында мекеме башчысына маянаны жогорулатуу боюнча кат жөнөткөнбүз. Бир нече жолу жыйналыш болду. Жыйынтык жок».

«Куатамлонмунай» компаниясын Кытай жарандары башкарат. «Азаттыктын» казак кызматы компания жетекчилиги менен байланыша алган жок.

«Куатамлонмунай» Кызылордодон 160 чакырым аралыкта орун алган. Компания мунай-газ чагылгындоо, өндүрүү, сатуу иштерин жүргүзөт.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: