Menu

Башкы прокуратурага министр Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн арыз жазылды

Бөлүшүү:

Активист Умай Арыкова Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге каршы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасында билдирди.

Ал тиешелүү органдардан уу коргошунду пропагандалаган министрдин аракетине юридикалык жана укуктук баа берүүнү суранат.

“Бүгүн министр “Ысык-Көлдүн” тамырынан жасалган кайнатма коронавирусту дарылоодо эффективдүү экендигин далилдөө үчүн аны түз эфирден ичээрин айтты. Бул иш-аракеттер анын компетенттүүлүгүнө шек келтирет. Бир жылдан ашык убакыттан бери дүйнө жүзүн COVID-19 пандемиясы басып алып, Кыргызстан пандемиянын туу чокусун башынан өткөрүп, мурунку министрлердин шалаакылыгынан миңдеген адамдардын өмүрүн кыйган өлкөлөрдүн бири болуп турган учурда, биздин министр өлкөнүн бүт калкын өлүм коркунучуна кептеп жатат. Уу коргошунду мындай кооптуу вирусту дарылоодо колдонууга болбойт, ошондуктан министр жоопко тартылышы керек “, – деп айтылат билдирүүдө.

 Ал ошондой эле, бүгүн арызын тиешелүү мекемеге жеткире албай калганын, дүйшөмбү күнү арыз жеткириле турганын жазган.

Белгилей кетсек, бүгүн министр Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынын өткөрүп, сынга кабылып жаткан уу коргошун тууралуу маалымат берип, аны түз эфирде ичти. Ал уу коргошундун жардамы менен 300 бейтап айыкканын айтып, аны туура дозада, ысык кылып ичсе ден соолукка пайда экенин айтты. Ал эми уу коргошунду туура эмес дозада, муздак ичсе, же анын артынан балмуздак жеп, муздак суу ичсе, анда адам өлүмгө учурай турганын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: