Menu

ИИМ: Салмак габаритти көзөмөлдөө пункттарында мыйзамсыз пара талап кылуу фактылары аныкталды

Бөлүшүү:
ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрилигинин алдындагы Автоунаа, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттиги ведомстволук уюмдарында   коррупциялык укук бузуулар аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жогорудагы агенттиктин Ош аймактык башкармалыгынын  (ААВТиВК) бир нече кызматкерлери оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан үзгүлтүксүз пара талап кылуу фактылары менен кармалышкан.
Жогорудагы унаалардын айдоочулары ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгына кайрылышып, салмак габаритти көзөмөлдөө пунктарында тутумдаштырылган пара талап кылуулары боюнча нааразычылыктарын билдиришип, мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүүнү суранышкан.
2021 жылдын 12-апрелинде Ош шаарынын тургуну Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын салмак габаритти көзөмөлдөө пунктунда  жана Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылындагы пукнтунда мыйзамсыз пара талап кылып жаткандары жөнүндө кабарлаган.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө бөлүмү тарабынан (Ош шаары) Жазык кодексинин 238-беренеси (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Сотко чейинки тергөө иштеринин алкагында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, салмак габаритти көзөмөлдөө пункттарында текшерүүлөр жүргүзүлгөн.
Ушул жылдын март айында Ош аймактык башкармалыгына (ААВТиВК) караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылындагы салмак габаритти көзөмөлдөө пунктунун кызматкерлери айдоочуну салмак габаритти көзөмөлдөө пунктунан өткөндүгү үчүн 10 миң сом өлчөмүндө акча берүүгө мажбурлашканы аныкталды. Бирок, бир нече убакыттан кийин автоунаа айдоочу кайра артка келе жатканда кайрадан 10 миң сом акча талап кылышкан.
Сотко чейинки тергөө иш-чараларынын алкагында жүргүзүлгөн андан аркы ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Өзгөн районунун Куршаб айылында жайгашкан салмак габаритти көзөмөлдөө пунктунун улук инспектору 1977 жылы туулган Р.Н. кармалган. Аны менен биргеликте КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери ушул эле пунктун кызматкерлери М.М. жана Т.П. кармашкан. Учурда мындан аркы тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары Жалал-Абад облусунун “Кара-Көл” салмак габаритти көзөмөлдөө пунктунда мыйзамсыз пара талап кылуу фактылары аныкталды. Бул салмак габаритти көзөмөлдөө пунктунун кызматкерлери айдоочудан 15 миң сом талап кылып, андан соң аны ушул пункт аркылуу 10 миң сомго өткөрүүгө макул болушкан. Бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Мындан эки жыл мурун, 2019 жылы ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери ушул эле “Кара-Көл” салмак габаритти көзөмөлдөө пунктунда мыйзамсыз пара талап кылуу фактыларын аныкташкан.  Бирок, ал учурда пара талап кылуу өлчөмү 2000 сомду түзүп, бир топ азыраак болгон, 2019 жылдын күз айларында  Автоунаа, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин кызматкери пара талап кылып жатып кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: