Menu

Чаткалдагы “Жамгыр” кенинен казылып алынган алтын руда Казакстанга чыгарылып кетүүдө

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-апрелде Жогорку Кеңеште «Жамгыр» алтын кенин иштеткен «Вертекс Голд Компани» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Чаткал районунун аймагында жайгашкан «Жамгыр» алтын кенинин жалпы кору – 80 тонна. Аны казактын «Вертекс Голд Компани» компаниясы 2003-жылдан бери иштетет. Ишканада 800 адам эмгектенет. Акыркы кездерде компаниянын дарегине коомчулук жана мамлекеттик органдар тарабынан улуттук мыйзамдардын талаптарынын сакталышы, экологияга тийгизген таасири жаатында бир топ ынанымдуу дооматтар коюлуп келет. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин аталган ишкананын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурумунун жүрүшүндө белгилүү болду.

Комиссиянын төрагасы Тариел Жоробеков буга чейин «Вертекс Голд Компани» ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча бир катар мамлекеттик органдардын маалыматтары угулуп, кен үлгүсүн алуучу лабораториялардын шарты менен таанышып келишкенин эске салып, комиссия мүчөлөрүн өз пикирлерин ортого салууга чакырды.

«Биз өз жергебизде чыккан кен-байлыктардын концентраттарын чет өлкөгө ташыбай, өлкө аймагында иштетүүгө тийишпиз. Ансыз алтын кендерине байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдүн биржаӊсыл чечилиши кыйын», – деди ал.

«Вертекс Голд Компани» компаниясынын директору Абдыкубат Баялинов аларга кен ылгоо ишканасын куруу талабы коюлганын, анын курулшу аяктап калганын билдирди. «Азырынча мурдагыдай эле кенди ылгоо үчүн руда «Маймак» бекети аркылуу Балхашка жөнөтүлүп турат. Ишкана ишке киргизилген соӊ, кенди жеринде ылгай баштайбыз. Ошондой эле геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында кошумча 10 тонна алтын кору аныкталды. Азыр инвестор издеп жатабыз», – деди ал.

Ал эми айрым депутаттар кен-байлыктарды жеринде иштетүүгө жана көзөмөл кылууга шарттар жок болгондуктан, жаӊы кендерди иштетүүгө лицензияларды берүүнү убактылуу токтото туруу тууралуу пикирлерин айтышты. «Жамгыр» кенинен башында 1 тонна рудадан 17 грамм алтын бар экенин аныкталса, азыр анын өлчөмү 6,8 граммга чейин түшүп кеткен. Кен-байлык рудаларын өлкө аймагынан тышкары чыгарып кетүүнү токтотуш керек. Биз алтын аралашмаларын өлкө аймагында гана иштетүүнү талап кылалы. Ошондо көзөмөл болот», – депутат Бейшеналы Нурдинов.

Андан тышкары, депутаттык комиссиянын отурумунда 2010-2020-жылдар аралыгында Башкы прокуратура тарабынан «Вертекс Голд Компани» компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштери боюнча маалымат, «Вертекс Голд Компани» ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча анын жетекчисинин маалыматы угулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: