Menu

Видео – Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча биринчи болуп COVID-19 менен күрөшүүгө Эл аралык валюта фондунан $120,9 млн алат

Бөлүшүү:

Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча биринчи болуп COVID-19 менен күрөшүүгө ЭВФтен $120,9 млн алат. Бул тууралу бүгүн, 27-мартта өкмөттүк брифингде КР Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Анын ичинен коронавирус пандемиясынын жыйынтыгында келип чыккан төлөө балансынын кечиктирилгис муктаждыктарын канааттандыруу үчүн $80,6 млн Тез каржылоо аспабы боюнча (RFI) жана $40,3 млн Тез кредиттөө ыкмасынын алкагында (RCF) берилди.

Өзгөчө финансылык жардамга сурам COVID-19 пандемиясынын жыйынтыгында келип чыккан төлөм балансына мөөнөттүү керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жактырылган.

Бул донордук колдоо көрсөтүүлөрдү шыктандырууга жана саламаттыкты сактоонун негизги чыгымдарына акысыз ресурс бөлгөнгө жардам берет. Бул дүйнө жүзү боюнча пандемиянын башталышы менен Эл аралык валюта фондунун RFI/RCF алкагындагы алгачкы өзгөчө насыясы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: