Бүгүн, 17-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 265 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 148, Ош – 3,Чүй облусунан – 80, Ош облусунан – 4, Талас облусунан – 4, Нарын облусунан – 6, Ысык-Көл облусунан – 12, Жалал-Абад облусунан – 6, Баткен облусунан – 2. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 91 639 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 152 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 86 774кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 92, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 43, Нарын облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 10.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 2. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1546га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ