Menu

Депутат Кубанычбек Жумалиевдин 33 фирмада үлүшү бар экен

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев (“Бир бол”) Салык кызматынан 33 фирманын кош ээси экенин жашырып койгон. Бардык компаниялары Кыргызстанда катталган, кээ биринде өзү жетекчилик кылат. Бул тууралуу 19-ноябрда Declorator долбоорунун алкагында еconomist.kg сайты билдирди.

Анда ар жылдары К.Жумалиев транспорт жана жол министри жана өкмөт башчысы болгонун айтылат.Расмий булактар боюнча, ал айына 47 миңден 84 миң сомго чейин табат. Мындай сандар депутаттын 2015-2016-жылдардагы декларациясында көрсөтүлгөн.

Декларацияларында ал айлык акысын, 507 чарчы метр үйүн, 316 чарчы метр батирин жана автоунаасын көрсөткөн. Жакын тууганында 1 миң 242 чарчы метр үй жана 2007-жылы чыккан «Ауди» Q7 автоунаасы катталган.

К.Жумалиев 33 фирмада үлүшү бар экенин көрсөткөн эмес. Бирок мындай маалымат Юстиция министрлиги менен OsOO.kg сервисинин ачык маалымат базасында бар.

К.Жумалиев 90-жылдардын башынан бери карай жогорку мамлекеттик кызматтарда болуп келген, болгону 2005-2015-жылдары тыныгуу алган, анда ал Улуттук илимдер академиясында илимий иш менен алек болгон. Мамлекеттик кызматта жүргөндө 33 фирманын 11 фирмасын ачканга үлгүргөн, сегизи азыркы чакырылыштагы депутат болгондо ачкан.

Анын көпчүлүк компаниялары жеке менчик түрүндөгү “мектеп, колледж, университет” катары катталган – кыскасы, фирмаларынын көбү билим берүү ишмердиги менен алектенет. Анын ичинен 2016-жылы, депутат кезинде Жумалиев атындагы физика-математикалык мектеп-лицей ачкан.

Дагы жети компаниясы жеке турак жай курулушу менен алектенет. Ошондой эле депутаттын микрокредиттик компаниясы, кабелдик телеканалы, кагаз фабрикасы ж.б. бар.

12 фирма депутат өзү катталган даректе олтурат. Алтоосу – Эл аралык медициналык университет жайгашкан Анкара көчөсү, 1/17 дареги боюнча.

Эскерте кетсек, 2018-жылы августта бул жеке окуу жайдын айланасында ызы-чуу чыккан – анын жетекчилигине кыргыз эл артисти, ырчы, өзүнүн жубайы Роза Аманова дайындалган эле. Жубайына дагы 15 фирма катталган, алар жөнүндө да К.Жумалиев декларациясына бир ооз сөз кылган эмес. Салык декларациясында жубайы жакын тууганы катары келтирилет, аны да депутат ачык айтууга милдеттүү.

Анда Кубанычбек Жумалиев кош ээлик кылган компаниялардын тизмесин келтирели:

  1. «Академик К.М.Жумалиевдин физика-математикалык мектеп-лицейи» билим берүү комплекси.
  2. «Дастан» технологиялык университети.
  3. Бишкек эл аралык авиаинституту.
  4. Эл аралык инновациалык технологиялар университети.
  5. Телекоммуникация, экономика и инновациялык кесиптердин колледжи.
  6. Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи.
  7. Кыргыз тоо кен-геологиялык транспорттук колледж.
  8. Бишкек компьютердик системалар жана технологиялар колледжи.
  9. Exiton Corporation («Экситон Корпорейшн») илимий изилдөө институту, тажрыйбалык-конструкторлук бюро.
  10. Mudarris ЖЧКсы («Мударрис»).
  11.  «Три Льва» ЖЧКсы.
  12.  «САНЧЭН» ЖЧКсы (SANCHEN).
  13.  «Шеньхуа» ЖЧКсы.
  14.  «АЖАИ» ЖЧКсы.
  15. «Атриум-констракшн» ЖЧКсы.
  16. ANT Co ЖЧКсы («АНТ Ко»).
  17. «ЭЛЕКТРОКОМ» ЖЧКсы.
  18. «Биринчи металлургиялык комбинат» ЖЧКсы.
  19. «Транзит Азия Телеком» ЖЧКсы.
  20. Yontan Energy Co., Ltd ЖЧКсы («Йонтан Энерджи Ко., Лтд»).
  21. «Манас Коал» ЖЧКсы.
  22. «Технологиялардын трасфер борбору” мекемеси.
  23. «Кыргыз-Глав-Цемент» ЖЧКсы.
  24. «Биринчи Кагаз Фабрикасы» ЖЧКсы.
  25. «Деко Дом» ЖЧКсы.
  26. «Золотой Кирпич» ЖЧКсы.
  27. «Сары-Таш гравий» ЖЧКсы.
  28. «Түштүк алтын дарбазасы» ЖЧКсы.
  29. «Быстрый платеж» ЖЧКсы («Тез Төлөм»).
  30. «Тез Финанс Кредит» микрокредиттик компаниясы.
  31. «Курманбек плюс» ЖЧКсы.
  32. «Курманбек» ЖЧКсы.
  33. «Физтех» ЖЧКсы.

Белгилей кетсек, “КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамга ылайык парламентарий бир эле учурда мамлекеттик же мунициаплдык кызматта туруп, ишкердик кылууга, коммерциялык уюмдун жетекчиси же байкоочу кеңешинин мүчөсү боло албайт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: