Menu

Чехия ИИМи орусиялык эки тыңчыга издөө жарыялады

Бөлүшүү:

Чехиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Орусиянын аскердик чалгындоо кызматынын (ГРУ) ыктымал эки тыңчысына издөө жарыялады.

Мекеменин маалыматына караганда, алар Чехиянын аймагына 2014-жылы Александр Петров жана Руслан Бошировдун атына берилген Орусиянын паспорттору менен кирип, өлкө ичинде Тажикстандын Руслан Табаров жана Молдованын Николай Попа деген жарандарынын документтерин колдонушкан. 2014-жылы Чехиянын Врбетице шаарындагы курал-жарак сакталган кампада жарылуу болгондо да алар ошол аймакта жүрүшкөн. Оператор бул эки кишиге 13-17-октябрь күндөрү курал-жарак сакталган кампага барууга уруксат берсе, жарылуу 16-октябрда болгон. Анда 50 тонна ок-дары жарылып, Чехиянын эки жараны каза тапкан. Алардын электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн уруксат суроо катында Руслан Табаров аттуу адамдын атына берилген тажик паспорту көрсөтүлгөн.

17-апрелде Чехиянын тышкы иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан ички иштер министр Ян Гамачек Орусиянын чалгындоо кызматынын оперативдүү кызматкерлери деп табылган 18 дипломатка 48 сааттын ичинде Чехиядан чыгып кетүүгө буйрук берилгенин билдирген. Өлкөнүн премьер-министри Андрей Бабиш орус тыңчыларынын аталган курал-жарак кампасындагы жарылууга тиешеси бар болушу мүмкүн экенин айтты. Ал Врбетицедеги жарылууга орус атайын кызматынын тиешеси бар экени боюнча төгүндөлбөс далилдер бар экенин кошумчалады.

Александр Петров жана Руслан Боширов аттуу адамдар Улуу Британияда Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу да айыпталып келет. Ачык булактар аркылуу иликтөө жүргүзгөн «Bellingcat» уюму бул эки киши ГРУнун 29155-бөлүгүндө иштерин аныктап, алардын чыныгы ысымдары Александр Мишкин жана Анатолий Чепига экенин таап чыккан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: