“Биз эч качан 1 метр жерибизди эч кимге берген эмеспиз, бербейбиз дагы”, – деп билдирди бүгүн, 19-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы чыккан Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу учурунда.
“Жапаров менен Ташиев бул жерлерди сатып жиберишти деп жазып жатышат. Эч ким жер саткан жок, сата албайт дагы. Ошол чагымчылдарды, бузукуларды укпашыңар керек. Мына мен келдим, чындыкты мен айтып берем. “Бул жерди сатты, тигил жерди сатып жиберди” деген ар түрдүү жаман сөздөр айтылып жатат. Ал жаман сөздөр бизге жабышып калбайт, ал айткандын өзүнүн күнөөсү болот. Орозо айында ар кандай шылтоолор менен эптеп жамандап калалы дегендерге “туура эмес кыласыңар” деп айтар элем”, – деди Ташиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ