Menu

Экс-президент Роза Отунбаева абакка камалабы?

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2021-жылдын 15-апрелинде УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иштери башталды, 2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө трагедиялуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун республиканын чегинен тышкары тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгуусуна көмөктөшүү фактысы боюнча, Убактылуу Өкмөттүн кызмат адамдарына каршы иш козголгон. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында башаламандыктардын чыгышынын себептери жана шарттары иликтенүүдө, ошондой эле трагедиялуу окуялардын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн, күч структураларынын башчыларынын жана аймактык деңгээлдеги кызмат адамдарынны аракеттерине укуктук баа берилмекчи.

УКМК бул кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары, ошондой эле ал боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдер жөнүндө тез арада коомчулукка маалымдамакчы.

Белгилей кетсек, 2016-жылы Кыргызстанда сыртынан соттолгон ишкер Кадыржан Батыров Өзбекстандын “Эркин Европа” радиосуна берген маегинде экс-президент Роза Отунбаеванын сунушу менен Кыргызстандан чыгып кеткенин айткан.

“20-майда эртең менен мен Жалал-Абаддан чыгып кеттим. Мен ачык айтайын, эч ким мени коркуткан же тоскоолдук кылган жок. Роза Отунбаеванын өтүнүчүн мага Исмаил Исаков [Убактылуу Өкмөттүн Коргоо министринин милдетин аткаруучу], Бакыт Алымбеков [Убактылуу Өкмөттүн Ички иштер министринин милдетин аткаруучу] жана Алишер Сабиров [2007-жылга чейин, Ак-Жол партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кетишкен] жеткирген», – деди Батыров.

Батыровдун айтымында, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн суранычы боюнча ал Тажикстан менен чектеш Кайрак-Кум суу сактагычында болгон. Ал жерде жүргөндө ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн аппаратынын башчысы Эмилбек Каптагаев менен такай байланышып турган.

“Өлкөдөн чыкканга чейин Бишкекке эки жолу келгем. Роза Отунбаева менен эки-үч жолу, Алмазбек Атамбаев менен эки-үч жолу сүйлөшкөм”, – деди Батыров.

Ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин ага кылмыш иши козголгонун белгиледи.

«Алар университетке кол салууну [Жалал-Абад шаарындагы Элдердин Достугу Университетинде] мени уюштурган деп айтышты, ал эми кол салууну чын эле  уюштургандар “баатыр” болуп чыга келишти. Ошондо мен Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү – [Исмаил ] Исаков жана [Азимбек] Бекназаров Бакиевдер менен сүйлөшүп, бул жаңжалды алдын-ала пландаштырганын билдим», – деди Батыров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: