Кечээ, 15-декабрда Бишкектеги Махмуд Кашгари атындагы мечиттин садага жашигинен акча уурдаган хиджабчан кыздын видеосу инстаграммдагы @Black_list.kg тайпасына жарыяланды.
Мечитке сыйынып келип жүргөн Талят Муминов бул кызды мурда мечиттен көрбөгөнүн, атайын мусулманча кийинип алып келген кыз деп божомолдоорун билдирди.
“Уурулук 15-декабрда 12:40та болгон, – дейт Муминов. – Намаз алдында жашиктин жок экенин байкадым. Бардыгын камерадан көрдүк. Ал үч жашикти ачыптыр. Канча акча алганы белгисиз”.
Ал бу кыздын үстүнөн милицияга арыз жазбастыгын, эгерде таап алышса, имам менен сүйлөштүрүшөнүн, имам өзү чечим кабыл аларын кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ