Menu

Бишкек-Талас-Бишкек багыты боюнча Казакстан аркылуу транзиттик өтүү кайра калыбына келтирилди

Бөлүшүү:

Казакстан Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынан Талас облусуна жана карама-каршы багытта, Казакстан Республикасынын Жамбыл облусу аркылуу бара жаткан жүргүнчү ташуучу унаалардын транзиттик өтүүсүн калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти К.Токаевдин ортосундагы 2021-жылдын 2-мартында Мамлекет башчысынын Нур-Султан шаарын болгон мамлекеттик сапарынын алкагында болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жана 2021-жылдын 2-апрелинде Казакстан Республикасынын Жамбыл районундагы Кордай айылында өткөн казак-кыргыз Өкмөттөр аралык Кеңешинин 9-жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри У.Марипов менен Казакстан Республикасынын Премьер-министри А.Мамин ортосунда жетишилген макулдашуу натыйжасы болуп саналат.

Буга чейин, 2020-жылдын 16-мартынан баштап, «Бишкек-Талас-Бишкек» маршруту боюнча Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу жүргүнчүлөрдүн кыймылы казак тарабынан коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган. Ушуга байланыштуу, кыш мезгилиндеги аба-ырайынын жагымсыз шарттарын, ошондой эле тоолуу аймакта эки ашуу аркылуу өткөн жолдун узактыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Талас облусунун калкынын мобилдүүлүгү минималдаштырылды, Бишкек жана Талас шаарларынын ортосундагы транспорттук байланыштар иш жүзүндө токтоп калды, Кыргыз Республикасынын Талас облусуна жүргүнчүлөрдү ташуу, анын ичинде оорулууларды, карыларды жана балдарды ташуу процесси татаалдашты.

Кыргыз тарап Казакстанга COVID-19 пандемиясынын учурунда Кыргызстандын калкына көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: