Бүгүн, 10-ноябрда Токтугул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында “Көчмөндөрдүн балдары” аттуу даректүү тасманын бет ачаары өттү. Ага президент
аппаратынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Жогорку Кеңештин
депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, кино жаратуучулар жана башка белгилүү инсандар чакырылган. Иш чаранын жүрүшүндө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында мамлекет үчүн үзүрлүү эмгек жараткандарга алкыш баракчалары тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Иш-чара даректүү тасманы көрүү менен бирге ыктыярчыларга “ыраазычылык баракчасын” тапшыруу аземи жана чакан концерттик программа менен коштолду. Маалымдай кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жалпыcынан эки миңден ашуун ыктыярчы
тартылган. Алар Көчмөндөр оюндарын уюштуруу, конокторду тосуп алуу, ачылыш жана жабылыш аземдеринде бийлөө жана башка иштерге кол кабыш кылуу милдеттерин аткарышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ